Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:49

Талас: депутаттар колдогон талапкер вице-мэрликтен баш тартты


Талас шаарынын мэриясынын имараты
Талас шаарынын мэриясынын имараты

Талас шаарынын биринчи вице-мэр кызматына талапкерлигин көрсөткөн Асылбек Рахманов кызматка баруудан баш тартканын билдирди. Ал бул тууралуу 8-октябрда Фейсбук баракчасына жазды.

29 жаштагы Асылбек Рахмановду шаардык кеңештин 27 депутаты быйыл 9-сентябрда биринчи вице-мэрликке бир добуштан колдогон. Мындан соң коомчулукта Рахмановдун иш тажрыйбасына байланыштуу нааразылыктар көбөйгөн. Ал резюмесинде төрт жыл мугалим болуп эмгектенгенин жана эл аралык уюмдарда иштегенин жазган.

Рахманов кайрылуусунда мамлекеттик жана муниципиалдык кызматта иш тажрыйбасы жок экенин айтып, документтеринин мыйзамдуулугун текшертүү үчүн тийиштүү органдарга кайрылганын жана анын жообу келбей жатканын билдирген. Буга байланыштуу шаардагы чарба жумуштары токтоп калганын айтып, өз каалоосу менен талапкерлигин кайтарып алуу чечимин кабыл алганын билдирди.

Рахманов кесиби боюнча юрист. Эмгек жолун Жусуп Баласагын атындагы университетинде мугалимдиктен баштаган. Соңку жергиликтүү шайлоодо "Аманат" саясий партиясынын штабында иштеген. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG