Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:37

Шайлоо: Такталган тизме, бириккен саясатчылар


Жогорку Кеңештин имараты.
Жогорку Кеңештин имараты.

Жогорку Кеңешке шайлоого катыша турган партиялар дээрлик аныкталып калды. Алардын көбү курултайларын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекитти. Азырынча эки партия өзүн бийликке альтернатива катары көрсөтүп, оппозиция экенин жарыялады. Көбү центристтик позицияны карманып турат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун маанилүү этабы болгон саясий партиялардын курултайы жана анда талапкерлердин тизмесин түзүп, бекитүү иштери жүрүп жатат. Шайлоого реалдуу катышат делген партиялардын көбү курултайын өткөрүп, толук болбосо да талапкерлердин аты-жөнү белгилүү болуп калды.

"Ата-Журт Кыргызстанга" кимдер кирди?

Коомчулукта бийликчил деп айтылып келаткан "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы 10-октябрда курултай өткөрүп талапкерлердин тизмесин жарыялады.

Саясий бирикмени шайлоого партиянын лидери Айбек Маткеримов баштап барат. Алдыңкы бештикте "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев, экс-вице-премьер-министр Равшан Сабиров, өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун орун басары Жамиля Исаева, Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашев бар.

Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Надира Нарматова, Турсунбай Бакир улуу, Камила Талиева, парламенттин депутаты Пархат Тулендыбаев, Кыргызстандын футбол бирлигинин мурдагы президенти Канатбек Маматов да "Ата-Журт Кыргызстан" партиясында.

Былтыр 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодон кийин ага катышкан тогуз партия "Ата-Журт Кыргызстанды" Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге байланыштырып чыгышкан. Равшан Сабиров мындай сөздөрдү четке кагууда.

Равшан Сабиров.
Равшан Сабиров.

"Партиянын (ред: Камчыбек Ташиевге) эч кандай байланышы жок. Партиянын лидери Айбек Маткеримов. Ал кесиби боюнча дарыгер, жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан жигит. Айбек Маткеримов элдин көйгөйүн чечейин деген өзгөчө идеяларга бай жигит. Шайлоо буюрса, ачык-айкын өтөт. Президент да “Эч кандай административдик ресурс болбойт. Губернатор, аким, кайсы гана мекеменин жетекчиси шайлоого аралашса, катуу чара көрөбүз” деди".

"Ата-Журт Кыргызстан" партиясы "Эл биримдиги" деген ат менен 1999-жылы каттоодон өткөн. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалымат боюнча, былтыр 26-февралда кайра катталып, "Ата-Журт Кыргызстан" деп өзгөртүлгөн. Ушул эле жылы 11-апрелде жалпы 28 шаардык кеңешке шайлоонун 21ине катышып, 17 шаардык кеңешке өтүп келген. Бул партиянын тизмеси менен Жалал-Абад шаардык кеңешине Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев депутат болуп шайланган. Ал жакында эле мандатын тапшырды.

"Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын алдыңкы тизмесиндеги талапкерлер.
"Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын алдыңкы тизмесиндеги талапкерлер.

10-октябрда "Азаттык" партиясы да курултай өткөрүп, парламенттик шайлоо үчүн талапкерлердин тизмесин тактады. Партияда анын лидери Исмаил Исаков, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Медеткан Шеримкулов, Ишенбай Кадырбеков, Акматбек Келдибеков, экс-депутаттар Жылдызкан Жолдошева, Бактыбек Калмаматов жана журналист Мыктыбек Арстанбек бар.

"Азаттык" партиясынын алдыңкы тизмесиндеги талапкерлер.
"Азаттык" партиясынын алдыңкы тизмесиндеги талапкерлер.

Саясат талдоочу Шаирбек Маматокторов шайлоо алдындагы партиялардын, саясатчылар менен саясий күчтөрдүн конфигурациясына мындайча баа берди:

"Саясатчылар бир нерсени жакшы түшүнүп алышты. Бүгүнкү күндө кыргызстандык шайлоочу партиянын атына, затына, программасы менен идеясына таптакыр көңүл бурбайт. Шайлоочунун өзүнүн чөйрөсүнө тиешелүү талапкерлери бар. Алар кайсы партияга кошулса аны ээрчип кете берет экен. Ошондуктан акчалуулар, айрым аймактарды жеке менчигиндей бийлеп алгандар, былтыр парламенттик шайлоонун жокко чыгышына себепчи болгондор келип эле бийликчил партияларга кирип алышты. Демек, биригүүнүн максаты - бир гана кызыкчылык. Ошондуктан азыр бийликчил да, оппозициячыл да партиялардын талашканы бир эле нерсе – добуш".

Бийликчил партиялар баарын бириктиреби?

11-октябрда "Ынтымак" саясий партиясы Бишкекте курултайын өткөрүп, парламенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин тизмесин бекитти. Тизмени "Келечек" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Макешов баштап барат.

Тизменин алдыңкы сабында парламент депутаттары Марлен Маматалиев, Сагындык Келдибаев, Рада Түмөнбаева, Талант Мамытов, мурдагы инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов, Бишкектин мурдагы мэри Балбак Түлөбаев, президент Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы кеңешчиси Адинай Марипова, "Чоң Казат" партиясынын мүчөсү Жаркынбек Касымбеков, блогер Эрулан Көкүлов бар.

"Ынтымак" партиясынын алдыңкы тизмесиндеги талапкерлер.
"Ынтымак" партиясынын алдыңкы тизмесиндеги талапкерлер.

Партиянын төрагасы Марлен Маматалиев былтыр жыйынтыгы жокко чыгарылып, бийликтин алмашуусуна алып келген парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер болгон. Алмамбет Шыкмаматов ал шайлоо ыплас өттү деп митингге чыккан "Бир Бол" партиясынан барган. Алардын катарында "Чоң Казат" партиясы да бар болчу.

Жыйынтыгы жокко чыгарылган чуулгандуу шайлоодо "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан" жана "Кыргызстан" партиялары бийликчил деп сыпатталган.

Саясат талдоочу Адил Турдукулов азыркы бийлик эч бир партияга жан тартпай турганын кайталап жатканы менен азыр деле жогору жактын колдоосуна ээ болгон партиялар бар деп эсептейт.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

"Бийликке жакын партиялар абдан эле көп. Эң негизгилери "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним" жана "Ынтымак" партиялары. Бул үч партияга жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү жогору жана капчыктуу талапкерлер чогулган. Калган көпчүлүк партиялар да оппозицияга ообой, бийликке жакын болгусу келген партиялар".

"Ынтымак" партиясы Юстиция министрлигинен 2012-жылы каттоодон өткөн. Быйыл 11-июлда Бишкек, Ош шаардык кеңештерине кайра шайлоодо шаардык кеңешке келген. Партиянын лидери Марлен Маматалиев партия центристтик позицияны карманарын айтып, бийликке жакындыгы жок экенин айтууда.

"Партиянын тизмесин карасаңар, кимдер киргенин көрүп толук түшүнөсүңөр. Оппозициячыл көз караштагы адамдар да бар. Бийликчил партия болгонубузда ошондой адамдар тизмеге кошулмак беле? Мен партияга ар кандай күчтөрдү топтогонго аракет кылдым. Эң негизги талап мамлекет үчүн кызмат кылам деген адамдар болсун дедик. Экинчиси, таза болсун деген".

11-октябрда "Улуттар биримдиги" партиясы да Бишкекте курултай өткөрүп, парламенттик шайлоого катышуу үчүн 54 талапкердин тизмесин бекитти. Тизмени партиянын лидери Мелис Мырзакматов баштап барат.

Алдыңкы сапта Артур Медетбеков, Нарындын мурдагы губернатору Бейшен Болотбеков, "Ар-намыс" партиясынан юрист Андрей Иванов, "Көзөмөл" кыймылынын жетекчиси Айбек Турганбаев, "Мекен сакчысы" кыймылынын башчысы Саитжан Эратов, журналист Турат Акимов, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов бар.

"Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын" лидери Азият Жекшеев шайлоонун алдындагы саясий жыйындар тууралуу пикири менен бөлүштү.

"Мен кайра эле баягы партияларды көрүп атам. "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" деген аттар эле алмашып, тизмелер бир аз жаңыртылды. Алардын катарына кошулган жаңы муундун өкүлүмүн дегендер да ар кандай талаптар менен шайлоого баратат. Антпесе партияга кошуп, алардын шайлоого кеткен чыгымын эч ким каржылап бербейт да. Былтыр парламенттин шайлоодон кийинки люстрация деген талап унутулуп калды. Баягы эле эски жүздөр, адамдар шайлоого баратат".

Буга чейин "Ата Мекен" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары курултайын өткөрүп бийликке оппозиция экенин жарыялаган.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы тизмесиндеги талапкерлер.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын алдыңкы тизмесиндеги талапкерлер.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Бир мандаттуу округдан шайлоодо ат салышам дегендер 11-октябрга карата 200гө жакындап калды.

Партиялар 13-октябрга чейин курултай өткөрүп, жабык добуш берүү аркылуу талапкерлердин тизмесин түзүшү керек. Андан кийин 18-октябрга чейин 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төгүп, талапкерлерге тиешелүү документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырып жетишүүсү шарт.

Боршайком 28-октябрга чейин түшкөн документтерди текшерип чыгып, партияны каттоо же шайлоого коё бербөө чечимин чыгарат. Башкача айтканда, 28-октябрга чейин бюллетенге жазылчу партиялар аныкталып, 29-октябрда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат.

"Ата Мекен" партиясынын алдыңкы тизмесиндеги талапкерлер.
"Ата Мекен" партиясынын алдыңкы тизмесиндеги талапкерлер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG