Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Бишкекте түрк тасмаларынын жумалыгы өтөт


Бишкектеги "Манас" кинотеатрында V Түрк тасмалар жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

16-20-октябрь күндөрү өтө турган маданий иш-чара Түркия Кинематография департаментинин, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Yerli Düşünce бирикмеси тарабынан уюштурулган.

Жумалыктын алкагында "7-камерадагы керемет", "Баскетбол куржуну", "Маузер", "Сүйүүнүн өмүрү", “Мадыра баштар: Киндик-Төбө” (анимациялык фильм), "Өмер жана биз" аттуу алты тасма көрсөтүлөт.

Мындан сырткары түрк режиссёр, продюсерлери менен көрүүчүлөрдүн, кыргызстандык актерлордун ортосунда жолугушуу, эки өлкөнүн кино ишмерлеринин орток эмгектерди жаратуу боюнча пикир алышуулары өтөт.

Кыргызстандын кино сүйүүчүлөрү түрк кино режиссёрлорунун акыркы жылдары жараткан тасмаларын акысыз көрө алышат.

Мындай жумалык Кыргызстанда 2014-жылдан бери уюштурулуп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG