Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:17

Чаткал жатак мектебинде окуучулар оор шартта жашап жатканы аныкталды


 Жатак мектептин окуучулары кийимин муздак сууга жуушат.
Жатак мектептин окуучулары кийимин муздак сууга жуушат.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Чаткал районундагы жатак мектепте окуучулар оор шартта жашап жатканын аныктады.

"Укук кербени" долбоорунун алкагында районго барган кызматкерлер мектептин ашканасында тазалык сакталбай, медициналык пунктта керебеттер талкаланып, жуунучу жай жок, санитардык талаптар аткарылбаганын, окуучулар кийимдерин муздак сууга өздөрү жууп жатканын аныкташты. Интернаттын имаратында суу түтүгү жана канализация да жок.

Буга чейин интернаттын жетекчилиги эл аралык фонддордон суу түтүктөрүн оңдоо үчүн жалпы 4,2 миллион сом каражат алганы маалым болгон.

Акыйкатчы аппараты Билим берүү жана илим министрлиги шашылыш түрдө бардык зарыл чараларды көрүүгө жана бул билим берүү мекемесинин тарбиялануучуларына, мугалимдерине жана кызматкерлерине туура жана мыйзамдарга ылайык шарттарды камсыздоо үчүн натыйжалуу жардам көрсөтүшү зарыл деген сунуш жиберди.

Билим берүү жана илим министрлиги бул маалымат боюнча комментарий бере элек. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG