Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 06:45

Кыргыз операсынын канайымына айланган бурят кызы


Ирина Деркембаева.

Кыргыз ССРинин жана Бурят АССРинин эл артисти, "Данакер" орденинин ээси, белгилүү опера ырчысы Ирина Деркембаева 94 жашында акка моюн сунду. Маркумдун сөөгү 11-октябрда Бишкекке коюлду.

1950-1980-жылдар аралыгында опера искусствосуна барандуу салым кошкон Ирина Деркембаева менен коштошуу зыйнатында замандаштары аны кыргыз опера искусствосун негиздөөчүлөрүнүн бири катары эскеришти. Анткени Деркембаеванын чыгармачылык мезгили өткөн кылымдын 50-жылдарынан тартып, 80-жылдарга чейинки кыргыз операсынын гүлдөгөн маалына туш келет.

Сахна канайымы

Кыргыз сахнасында Ирина Деркембаева Владимир Власов, Абдылас Малдыбаев жана Владимир Фере жазган “Манас” операсында Канайымдын, “Айчүрөк” операсы коюлганда Айчүрөктүн, “Токтогул” операсында Тотуянын, Петр Чайковскийдин “Евгений Онегининде” Татьянанын, Шарль Гунонун “Фауст” операсында Маргаританын, Жузеппе Вердинин “Отелло” операсында Дездемонанын образын жаратып, партияларын аткарган.

Ирина Деркембаева.
Ирина Деркембаева.

СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаева маркумду театрдын жүзү эле деп эскерди:

Кайыргүл Сартбаева.
Кайыргүл Сартбаева.

“Бүгүн чоң жоготууга дуушар болуп турабыз. Чынында бул инсандын жасаган эмгеги зор. Өзгөчө опера театрында тер төгүп эмгектенди. Биз Москвада Виктория Рождественскаянын мектебинен бирге билим алдык, театрда да бир топ жыл бирге иштедик. Кыргыз эли анын эмгегин учурунда жогору баалап, зор сыйлыктарды ыйгарды. Ал чынында буга татыктуу болчу. Ирина Деркембаева жакшы образдарды түзүп кеткенин кайталап айтып жатабыз. Демек, эл бул инсандын эмгегин унутпайт”.

Ирина Деркембаева 1947-жылдан 1952-жылга чейин Москвадагы Чайковский атындагы консерваторияда вокалдык факультетте окуп, профессор Виктория Рождественскаянын классынан билим алган. Окуусун бүткөн соң көрүнүктүү советтик партиялык ишмер, Ысык-Көлдүн кулуну Асан Деркембаевге турмушка чыгып, бир кыздуу болушкан.

Жолдошу эмгек жолун жергиликтүү бийликте иштөөдөн баштап, райкомдун биринчи катчылыгында эмгектенип, 1950-жылдары айыл чарба министринин биринчи орун басары кызматтарына чейин жеткен.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дарика Жалгасынова замандашы узак, дөөлөттүү карылыкка жеткенин, үй-бүлөдө мыкты аял болгонун айтты:

Дарика Жалгасынова.
Дарика Жалгасынова.

“Асан Деркембаев агабыз Москвада иштеп турганда, өзүндөй чоң кызматта иштеген тааныштары аны Ирина эжебиз менен тааныштырып, баш коштурушкан экен. Ошондон кийин жолдошунун фамилиясына өтүптүр. Жолдошунун көзү өтүп кеткенден кийин, белгилүү акын Аалы Токомбаевге турмушка чыкты. Менин угушумча, жолдошу өлүм алдында Ирина эжебизге өзү керээз катары: “Менин көзүм өтүп кетсе Аалыкенин жанында бол. Анын да байбичеси өтүп кетти. Экөөңөр тең искусствону түшүнгөн адамсыңар, ага сен жакшы жубай болуп бере аласың “ деп табыштаптыр. Биз эжебиздин чынында эле өмүрүнүн акырына чейин Аалы Токомбаевге мыкты жубайлык кызматын кылып келгенине күбөбүз”.

Педагогикалык ишмердүүлүккө жол

Чыгармачыл чөйрөдөгү кесиптеши, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жетекчиси Керим Турапов Ирина Деркембаева театрдагы бир канча жылдык ишмердүүлүгүнөн кийин, калган өмүрүн өлкөдөгү музыкалык окуу жайларда шакирт тарбиялоого арнаганын баяндады:

Керим Турапов.
Керим Турапов.

“Москвадан окуусун бүтүп келгенден кийин эжебиз алгач Казакстандагы Абай Кунанбаев атындагы опера жана балет театрында иштептир. Андан соң биздин өлкөгө келген. Мен эжени 80-жылдардан кийин тааныдым. Анын кыргыз профессионал искусствосунда ээлеген өзүнүн орду, салмагы бар. Ал мурдагы зор таланттар менен иштеп, алардын катарында бир жүргөн. Азыр өзү өмүрдөн өтсө дагы анын жолун татыктуу уланта турган көп шакирттери артында калды. Эми эженин жасабай калган иштерин, жетпей калган ийгиликтерин ошолор аткарат деген үмүт бар”.

Ирина Деркембаеванын шакирттеринин бири, опера жана балет театрынын солисти Үмүт Тилегенова устатынын чыгармачылык жолунда арманы болбосо керек дейт. Тилегенованын эскерүүсүндө, Деркембаева чыгармачылыктагы интригалардан алыс, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган жумшак адам эле.

“Адамгерчилиги мыкты эле. Бизге өз энебиздей болуп беш жыл тарбиясын берди. Биз да ага балдарындай болуп калганбыз. Абдан кейип турабыз. Мындай адамдар канча жашаса да кыйбайт экенсиң. Ал эң негизгиси мыкты адам катары жашап өттү. Ал “менде көрө албастык сезим жок, бирөөгө эч качан жамандык кылгым келбейт” деп көп айтчу. Биз да ушул күнгө чейин эженин ошол тарбиясынан чыкпайбыз. Анын кызы, небере-чөбөрөлөрү да мыкты адамдардын катарын толуктады”.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин айтымында, Деркембаева образдары аркылуу кыргыз маданиятынын тарыхында өз ысымын жаза алды.

Кайрат Иманалиев.
Кайрат Иманалиев.


“Ал аткарган образдары менен чындыгында кыргыз сахнасынын канайымы боло алды. Бир топ чет мамлекеттерде кыргыз маданиятын тааныткан чыгармачылык сапарларда жүрдү. Ирина Григорьевна театрдагы такшалган тажрыйбасын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында сабак берип, нечендеген белгилүү шакирттерди тарбиялады. Кыргыз искусствосуна өзгөчө эмгек сиңирип кетти. Кыргыз улуттук маданиятыбыздын жылдызы катары өзгөчө из калтырды”.

Ирина Деркембаева бурят кызы. 1927-жылы 25-декабрда Орусиянын Иркутск облусундагы Нукут районунун Үңкүрлүк айылында туулган. Алгачкы чыгармачылык жолу Бурят АССРинин театрында 1942-жылы башталган. Тубаса таланты менен 1951-жылы эле Германияда өткөн жаштар жана студенттердин дүйнөлүк фестивалынын жана 1956-жылы Москвада өткөн вокалисттердин Бүткүл союздук конкурсунун лауреаты болгон.

Ирина Деркембаева менен коштошуу зыйнаты.
Ирина Деркембаева менен коштошуу зыйнаты.

Ал Кыргыз ССРинин жана Бурят АССринин эл артисти наамы, Советтер союзунун Эмгек Кызыл Туу ордени жана эгемендүүлүк жылдарында "Данакер" ордени менен сыйланган.

Ирина Деркембаева менен коштошуу зыйнаты 11-октябрда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдында өтүп, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG