Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Жээнбеков БШКда депутаттыкка талапкер катары катталат


Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого талапкер катары катталуусуна уруксат берди.

Жээнбеков бүгүн, 12-октябрда Жаза аткаруу кызматынын кайтаруучуларынын коштоосунда Борбордук шайлоо комиссиясына барып, арызын тапшырат. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып, соттун чечимин тиркеген.

"Сот менин парламенттик шайлоого Бишкек шаарынын Ленин райондук округунан бир мандаттуу талапкер катары катталууга болгон арызымды канааттандырды. Эртең (12-октябрда) таңкы саат ондо кайтаруучулардын коштоосунда катталганы барам".

Абакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөтүүгө даяр экенин 6-октябрда соттук отурумда билдирген.

Кой-Таш окуясы боюнча ушул жылдын август айында экинчи жолу камакка алынган саясатчы соттон Борбордук шайлоо комиссиясына документтерин тапшыруу үчүн кароол менен жеткирүүнү суранган.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы башаламандык окуялар үчүн айыпталууда. Ал бул айып менен №1 тергөө абагында бир жылга жакын отурган. 2020-жылы күздөгү бийлик алмашуудан кийин үй камагына чыгарылган. Ушул жылдын август айында кайрадан камакка алынган. Саясатчы кылмыш иши саясий куугунтук экенин айтып келет келет.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президентти кармоо операциясын жүргүзгөн. Анын тарапташтары менен күч органдарынын кызматкерлери кагылышып, бир офицер курман болгон. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG