Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Евробиримдик Орусия менен Сирияга каршы санкцияларды узартты


Еврошаркет алгачкы чектөөлөрдү 2018-жылы Британиянын Солсбери шаарында Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия ууланганда киргизген.
Еврошаркет алгачкы чектөөлөрдү 2018-жылы Британиянын Солсбери шаарында Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия ууланганда киргизген.

Европа Биримдиги Орусия менен Сириянын химиялык куралдарды колдонуусунан улам чектөөлөрдү дагы бир жылга, 2022-жылдын 16-октябрына чейин узартты.

Бул тууралуу Еврошаркеттин расмий интернет сайты кабарлады. Чектөө тизмесине 15 киши кошулду. Алардын ону - орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйды, Сергей Скрипалды жана анын кызы Юлияны "Новичок" химиялык заты менен ууландырганга шек саналгандар.

Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников, президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Сергей Кириенко, президенттин алдындагы ички саясат башкармалыгынын төрагасы Андрей Ярин баштаган бир нече күч органдарынын жетекчилери бул санкциялардын тизмесинде. Алар Еврошаркеттин аймагына кире албайт, Европа чөлкөмүндөгү бардык банк активдеринин эсеби жабылды.

Чектөөлөргө айрым мекемелер да кирди. Орусиядагы органикалык химия-технологиялык мамлекеттик изилдөө институту Евршаркеттин каржылык колдоосун ала албайт.

Сириянын илимий изилдөө институтунун беш окумуштуусу санкция тизмесине кошулду.

Еврошаркет алгачкы чектөөлөрдү 2018-жылы Британиянын Солсбери шаарында Сергей Скрипал менен анын кызы Юлия ууланганда киргизген. Андан соң 2020-жылдын август айында Томск шаарынан Москвага учуп бара жаткан Алексей Навальный эсин жоготкондо чектөөлөр дагы узартылган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG