Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Өкмөттүн жаңы сунушталып жаткан курамы белгилүү болду


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Жаңы сунушталган өкмөттүн курамы белгилүү болду. «Азаттыкка» ишенимдүү булактар 12-октябрда кабарлашкандай, Министрлер кабинетинин төрагалыгына Акылбек Жапаров, анын биринчи орун басарлыгына Арзыбек Кожошев, экономика маселелери боюнча орун басарлыгына Азиз Аалиев, социалдык маселелер боюнча орун басарлыгына Эдил Байсалов, коопсуздук тармагы боюнча орун басар-УКМКнын төрагалыгына Камчыбек Ташиев, экономика министрлигине Данияр Амангелдиев, финансы министрлигине Алмаз Бакетаев, юстиция министрлигине Аяз Баетов, маданият, маалымат министрлигине Азамат Жаманкулов, социалдык өнүктүрүү министрлигине Кудайберген Базарбаев сунушталды.

Кененирээк макаладан окуңуз:

Руслан Казакбаев тышкы иштер министри, Улан Ниязбеков ички иштер министри, Болотбек Купешов билим берүү министри, Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри, Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри, Эркинбек Осоев транспорт министри, Доскул Бекмурзаев энергетика министри, Бактыбек Бекболотов коргоо министри, Динара Кутманова экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы, Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри болуп ишин улантмакчы.

Бул боюнча азырынча расмий маалымат бериле элек.

11-октябрда президент Садыр Жапаров Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Ага ылайык өкмөттүн курамы жана түзүлүшү өзгөргөнү жатат.

12-октябрда президент Садыр Жапаров «Биз Акылбек Жапаров менен макулдашып, келиштик. “Быйыл казынаны 280 миллиард сом менен жапсам, эмдиги жылы 400 миллиард сомго жакындатам” деп сөз берди. Эгер ага жеткире албаса, анда чара көрөм" деп билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG