Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

Садыр Жапаров: Өкмөт башчылыкка Акылбек Жапаровду сунуштадым


Акылбек Жапаров. Архивдик сүрөт.
Акылбек Жапаров. Архивдик сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагалыгына Акылбек Жапаров сунуш кылынды. Бул тууралуу 12-октябрда президент Садыр Жапаров социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчасына жазды.

«Биз Акылбек Жапаров менен макулдашып, келиштик. “Быйыл казынаны 280 миллиард сом менен жапсам, эмдиги жылы 400 миллиард сомго жакындатам” деп сөз берди. Эгер ага жеткире албаса, анда чара көрөм. Ошондуктан ал кишини азырынча сындабай, өкмөт башына коюп, убакыт берели. Анын мурдагы ишмердиги кандай болгонуна баа берип, “ичкен-жеген” деп сындап жаткан жарандарыбызга айтарым, менин убагымда анын ар бир баскан-турган кадамы, кыймыл-аракети толук жеке көзөмөлүмдө болот» деди президент.

Жапаров айрым министрликтерге жаңы кишилер сунушталганын, февраль айынан бери ким кандай иштеп жатканын баамдап келе жатканын айтып, «Эми мындан ары туруктуу, стабилдүү өкмөт иштеп баштайт» деп кошумчалады.

Ал эми азыркы өкмөт башчы тууралуу Жапаров «Улукбек Асамидинович да жаман иштеген жок. Жакшы иштеди. Жаш кадр. Оор мезгилде кыйынчылыктарды бирге басып өттүк. Тажрыйба топтоду. Анын келечеги алдыда» деди.

11-октябрда президент Садыр Жапаров Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Ага ылайык өкмөттүн курамы жана түзүлүшү өзгөргөнү жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG