Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:33

COVID-19: Орусияда бир суткада өлгөндөр рекорддук көрсөткүчкө жетти


Москва. 16-сентябрь, 2021-жыл
Москва. 16-сентябрь, 2021-жыл

Орусияда COVID-19 илдетинен көз жумгандардын көрсөткүчү мурда болуп көрбөгөн чекке жетти. Өлкөнүн пандемияга каршы штабы 11-октябрда билдиргендей, 24 саатта 973 киши коронавирустан дүйнө менен кош айтышты. Алты күн катары менен өлгөндөрдүн саны 900дөн көп болуп келатат. Бир күндө 28 миңден көп киши вирусту жугузуп алганы катталды. Ошол эле маалда айрым дарыгерлер расмий сандар мындан ашарын айтышат.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө да коронавирустун “дельта” штаммы жайылууда. Орусиянын жетекчилиги эмдөө солгун жүрүп жаткандыгы үчүн сынга кабылып келатат. 146 миллион калктын үчтөн бир бөлүгү гана вакцина алган.

Орусия биринчи болуп былтыр Sputnik V вакцинасын жактырган. Бирок жергиликтүү эл эмделүүгө анча дилгир эмес экенин адистер белгилешет. Өткөн аптада вице-премьер-министр Татьяна Голикова оурсиялыктардын 29% гана толук эмделгенин билдирген.

Быйлыкы жылдын сегиз айында COVID-19 Орусияда 254 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды. Былтыр бир жылда 163 миң кишинин өлүмү катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG