Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Бийликти сындаганы үчүн суракка чакырылганын айткан адам адвокат издөөдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл Баткендеги кандуу окуядан кийин бийликти сындаган видеокайрылуусу үчүн суракка чакырылып жатканын айткан интернет-колдонуучу адвокаттык жардамга муктаж. Бул тууралуу өзүн Нурэлес Үмөталиев деп тааныштырган Бишкектин 21 жаштагы тургуну 12-октябрда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ал быйыл апрель айынын соңунда «Фейсбуктагы» баракчасына видеокайрылуу чыгарганын, май айынын орто ченинде Ички иштер министрлигине (ИИМ) эки жолу, кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) эки жолу суракка чакырылганын айтууда.

Бүгүн, 12-октябрда Үмөталиев УКМКга апасы менен чогуу барып, тергөөчү менен жолукканын билдирди:

«Беренесин так билбейт экемин, бирок видеокайрылуум боюнча бийликти басып алууга чакырык деген негизде козгоп жатышы мүмкүн. Видеону сын-пикирлерди билиш үчүн эле жүктөп салгам. Бир убакта менин аккаунтума чабуул башталганда эле видеону таппай калдым. ИИМ көчүрүп калган экен. Ачыгын айтканда, ошол сөздөрдү айтып жатканда эмоцияга алдырып ийгем. Анткени нааразылык көбөйүп жаткан ошол кезде, Баткендеги окуя болуп кеткен, 36 бейкүнөө адам каза болгон. Казино ачылат деген да маалымат чыккан».

Үмөталиев азырынча туруктуу жумушу жок экенин, жеке негизде түрдүү иштерди аткарарын айтты.

ИИМ жана УКМК бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Быйыл апрель айынын соңунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык, 19 тажикстандык каза болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG