Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

Өкмөт көмүрдүн баасын жөнгө салуу чарасын киргизди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт көмүрдүн баасы боюнча убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу чарасын киргизди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 12-октябрда билдирди.

Чечим көмүрдүн кымбатоосуна жол бербөө жана калктын көмүр менен өз маалында, туруктуу негизде камсыз болушу үчүн кабыл алынганы белгиленди.

Убактылуу чара 90 күн уланат жана баанын эң жогорку чеги белгиленет.

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине тийиштүү чара көрүү тапшырмасы берилди.

Маалым болгондой, Кара-Кеченин өзүндө көмүрдүн бир тоннасынын наркы былтыркыдан өзгөрбөстөн быйыл да 1330 сом болууда.

Бишкек шаарында Кара-Кечеден ташылып келген көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдун айланасында сатылып жатат, бул өткөн жылга салыштырганда 1400 сомго чейин кымбат.

Баткенде жана Ноокатта бир тонна көмүр 8 миң сомдон өйдө сатылууда.

Октябрь айында аба кескин сууктап кетип, көмүр да кымбаттай түшкөн. Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында бир катар депутаттар Министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилине карата даярдыгын сындашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG