13-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 12…17;
Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 9…14;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15;
Бийик тоолордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7;
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 15…17 градус жылуу болот.