Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

"Альянс" партиясынын талапкерлер тизмеси белгилүү болду


"Альянс" партиясы курултайын өткөрдү. 12-октябрь, 2021-жыл. Бишкек
"Альянс" партиясы курултайын өткөрдү. 12-октябрь, 2021-жыл. Бишкек

"Альянс" саясий партиясы бүгүн, 12-октябрда Бишкекте курултай өткөрүп, парламенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин тизмесин бекитти. Курултайда Мирлан Жээнчороев менен Жанарбек Акаев партиянын тең төрагалары болуп шайланды. Бул тууралуу партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахаб Нурбаев "Азаттыкка" билдирди.

Тизменин алдыңкы сабында парламент депутаттары Алтынбек Сулайманов, Мирлан Жээнчороев, Жанарбек Акаев, Абдывахап Нурбаев, Айсулуу Мамашева, мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, журналисттер Эрнис Кыязов, Чынара Капарова, активист Сейтек Качкынбай, экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров бар.

Алтынбек Сулайманов буга чейин №5 Ноокат округунан талапкер катары шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арызын тапшырган. Курултай учурунда ал бир мандаттуу округдан арызын алып, шайлоого партиялык тизме менен бара турганын жарыялады.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тактап бүтүшү керек.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат.

БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Бир мандаттуу округдан шайлоодо ат салышам дегендер 9-октябрга карата 230га жакындады. Алардын ондон ашууну талапкер болуп расмий катталды.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар Бишкекте митингге чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан. (KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG