Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Бишкекте жер тамдар жыл башынан бери 12% арзандады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте жеке турак жай баасы жыл башынан бери орточо эсеп менен 12% төмөндөгөнүн 12-октябрда Tazabek басылмасы мамлекеттик “Кадастр” ишканасынын маалыматына таянып жазды.

Жер тамга суроо-талап Ленин районунда көбүрөөк (34%) экени, экинчи орунда Биринчи Май району, үчүнчү орунда Свердлов району турары аныкталды.

Октябрь районунда көп кабат үйлөр басымдуулук кылгандыктан жер тамдар азыраак, ошондуктан бул район боюнча суроо-талап деңгээли эң төмөн.

Борбор калаанын түштүк-батышындагы Ленин районунда жеке турак жай курулган аймак 2005-жылы жер тилкелери бөлүштүрүлгөндө кеңейе баштаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG