Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Евробиримдиктин өкүлдөрү "Талибандын" делегациясы менен жолугат


Кабул. 3-октябрь, 2021-жыл (иллюстрациялык сүрөт)
Кабул. 3-октябрь, 2021-жыл (иллюстрациялык сүрөт)

Евробиримдиктин өкүлдөрү 12-октябрда Дохада "Талибан" кыймылынын делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жатат. Бул тууралуу талибдер курган өкмөттүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки дүйшөмбүдө билдирди.

Ал Катардагы "Жаңжалдарды жана гуманитардык маселелерди изилдөө" борборунда сүйлөгөн сөзүндө "Талибан" өкмөтү дүйнө менен позитивдүү мамиле түзүүнү көздөрүн, мындай алака Ооганстанды туруксуздуктан сактап каларын белгиледи. Ошондой эле талибдер "Ислам мамлекети" террордук уюмунун ооган жергесиндеги бутактарына каршы күрөшө турганын айтты.

"Талибан" кыймылы Кабулда бийликти ээлеп алгандан бери биринчи жолу Дохада АКШнын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайс 9-10-октябрдагы сүйлөшүүнүн өзөгүн гуманитардык жардам, коопсуздук, терроризм, ооган аялдарынын укуктары сыяктуу Ооганстанга байланыштуу талылуу маселелер түзгөнүн билдирген.

Евробиримдиктин "Талибан" менен сүйлөшүүсүндө да Ооганстандагы каатчылык маселесине өзгөчө көңүл бурулары күтүлүүдө. Бир күн мурда Брюсселде шаркеттин тышкы саясат боюнча өкүлү Жозеп Боррел ооган эли жардамга муктаж экенин айткан.

Ооганстандагы кырдаалды экономикасы күчтүү дүйнөдөгү алдыңкы жыйырма мамлекеттин ("Чоң жыйырма") лидерлери 12-октябрдагы виртуалдык жыйында да талкуулаганы жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG