Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:07

Садыр Жапаров: Мөңгүлөрдү талкалаган бизнеске бирге каршы туруу керек


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров эл аралык коомчулукту мөңгүлөрдү талкалаган бизнес-ишмердүүлүккө биргелешип каршы турууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн 12-октябрда Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) алдында уюштурулган биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндөгү Конвенциянын мүчөлөрүнүн бешинчи кеңешмесиндеги (КС-15) видеокайрылуусунда айтты.

«Чет өлкөлүк инвесторлордун абийирсиз ишинин натыйжасында биздин тоолорубуз менен дарыяларыбыздын флорасы менен фаунасынын байлыгына доо кетирген кылымдык мөңгүлөрдүн талкаланышына өзүнчө токтолуу керек. Биз биргеликте мындай бизнес-практикаларга каршы турушубуз керек»,- деди Жапаров.

Мөңгү маселеси Кыргызстан үчүн актуалдуу көйгөйлөрдүн бири. Кумтөр алтын кенин иштетип келген канадалык «Центерра» компаниясын кыргыз өкмөтү быйыл мөңгүлөрдү талкалаганы жана экологиялык зыян келтиргени үчүн деген негизде сотко берген. Компания мындай дооматтарды четке кагып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG