Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11

Мурдагы премьер-министр Сариевдин тарапташтары сот алдына чогулушту


24-сентябрда сот алдына чогулган Сариевдин тарапташтары.
24-сентябрда сот алдына чогулган Сариевдин тарапташтары.

Мурдагы өкмөт башчы, "Кумтөр иши" боюнча камалган Темир Сариевдин 100гө чукул тарапташы Бишкек шаардык сотунун алдына чогулушту. Шаардык сот бүгүн, 12-октябрда Сариевдин бөгөт чарасын карап жатат. Сыртта чогулгандар саясатчыларды бошотууну талап кылууда.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-сентябрда экс-премьер-министр Темир Сариевдин бөгөт чарасын карап, 30-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында калтырган.

Кумтөр кениндеги жемкорлукка байланыштуу кармалган Сариев 3-августтан бери камакта.

"Кумтөр иши" боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак беришкен. Айрымдары камалган. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

УКМКнын Кумтөр боюнча айыптоолорунда кен иштетүүдө коррупцияга жол берилип, Кыргызстандын кызыкчылыгы тебеленип, пайданын көбү чыгым катары көрсөтүлүп, көз жумду мамиленин айынан экологияга олуттуу зыян келтирилгени белгиленген.

Айыпталып жаткандар жана алардын адвокаттары коюлган айыпты четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG