Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

Үч эм кызды спортчулардын урматына Айсулуу, Айпери жана Аймээрим деп аташты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Перинаталдык борборунда төрөлгөн үч эм кызга эл аралык аренада мыктылыгын көрсөтө алган кыргызстандык спортчу кыздардын аты берилди. Бул тууралуу 12-октябрда наристелердин апасы Бермет Дубашевага таянып АКИpress агенттиги жазды.

Анын айтымында, Айсулууга жана Айпериге уйкаш келсин деп үчүнчү кыздын атын Аймээрим деп коюшту.

Өткөн аптада Норвегияда өткөн күрөш боюнча таймашта Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону болушту, Айпери Медет кызы коло утту.

Үч эмдүү болгон үй-бүлөнүн сегиз жаштагы уулу жана төрт жаштагы кызы да бар.

Ымыркайлар 5-октябрда 1 870, 2 160 жана 2 170 грамм салмак менен төрөлүшкөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG