Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:53

Аксыда кен казууга каршы чыгышты


Аксыдагы Тактазан жайлоосу
Аксыдагы Тактазан жайлоосу

Аксыда кен казганы жаткан кытайлык “Ориел Голд” компаниясына байланыштуу нааразылык чыкты. Айрым жергиликтүү тургундар бул компания Тактазан жайлоосунан алтын каза баштаса, кеминде үч айылдын эли таза суусуз, жайытсыз калат деп чочулап жатат. “Ориел Голд” болсо мыйзамдуу иш жүрүп жатканын билдирип, экологияга байланыштуу дооматтарды четке кагууда.

Тактазан жайлоосунан кен казууга Аксыдагы Разан-Сай, Күрп-Сай, Кызыл-Бейит айылдарынын айрым жашоочулары каршы чыгышты. Алардын бири Абдималик Мырзабеков алтын казылса, суу булганып, жайлоо тарыйт деген пикирде.

Абдималик Мырзабеков
Абдималик Мырзабеков

“Бул жер Тактазан жайлоосу. Ушул жерден алтын казышат. 40 гектар жерди казып, алтын алабыз деп баарын талкалап, таза сууну да жок кылышат. Сол тараптагы суунун башынан кен казуу иши башталса, оң тарапка таштандыларын төгөт экен. Элдин талаптарын көңүл сыртына калтырып, өздөрү каалаган жумушун жасашканы калышты. Суу булганса, ал Нарын дарыясына куят да.”

Кытайлык “Ориел Голд” компаниясы 2014-жылы лицензия алган. Азыркы кезде чалгындоо иштерин улантып жатат. Кенге чейинки 10 чакырымдай жол салынып бүтүп калды. Болжол менен бул жерде алтындын запасы 7,5 тонна деп эсептелген. Кытайлык компания жалпысынан 40 гектар жерди казууга укук алган.

Компаниянын өкүлү Мараймбек Кенжеевдин ырасташынча, алардын ишине саналуу гана адамдар каршы чыгып жатат. Ал экологияга байланыштуу дооматтар негизсиз дейт.

“Биз бардык жумуштарды мыйзамдуу аткарып жатабыз. Элдин баары каршы эмес. Алардын ичинде беш-алты гана адам бар. Алар ушул айылдарда да жашабайт. “Кагазга алдап, кол койдуруп алыптыр” деген дооматтарына макул эмеспиз. Анткени эл менен сүйлөшүүнү жергиликтүү бийлик колго алып, кол коюу иштерине ошолор жооптуу. Ал эми жол салып жаткандагы айрым кемчиликтер болсо, аны калыбына келтирүүгө макулбуз. Айыл эли менен бир топ жолу сүйлөшүп, жакшы эле пикирде болуп жатабыз".

Кызыл-Бейит айылынын тургуну Өмүрбек Артыкбаев аталган компания жергиликтүү тургундардын макулдугун алгандагы айрым жагдайларга токтолду.

Кызыл-Бейит айылынын тургуну Өмүрбек Артыкбаев
Кызыл-Бейит айылынын тургуну Өмүрбек Артыкбаев

“Эл кен боюнча топтолуп жыйын өткөргөндө, өкмөттөн келгендер "чогулушка катыштым" деп кол койдурган. Аны кийин "алтын казганга макулбуз деп кол коюшту" дептир. Айылга жол салып, жарык тартабыз деп элди алдашкан. Көрсө, ал кызматтар өздөрү үчүн керек экен. Кийин башка талаптарды койсок, баш тартышты. Элди алдабастан кен казууну токтотушса болду.”

Жогоруда айтылгандай, нааразы болгон жарандардын арасында “Ориел Голддун” ишин, кен казууну биротоло токтотууну талап кылгандар бар.

Алардын бири Жылдызбек Кошалиев муну айлана-чөйрөгө кесепетин тийгизет деген жүйө менен байланыштырды.

Жылдызбек Кошалиев
Жылдызбек Кошалиев

“Жолду салабыз деп арчаларды талкалап бүтүштү. Бул жерде болжолдуу 500гө жакын арча жок болду. Бул жети тонна алтындын жарымы Кыргызстан үчүн деп жатат. Эми ушул алтын кооз жайлоону, экологияга тийгизген зыянды толтура алабы? Үч айылдын тең эли мал чарбага байланган. Ал үчүн ушул жайлоо керек эле. Бул компания жол салып жатып малдарды да өлтүрүп алган күндөрү көп болду. Бизге алтын эмес, экология керек.”

“Азаттык” бул окуядан улам президенттин облустагы өкүлү Абсаттар Сыргабаевге кайрылды. Ал кен казганы жаткан компания тууралуу бардык дооматтар териштирилип, иликтенип жатканын билдирди.

Абсаттар Сыргабаев
Абсаттар Сыргабаев

“Биз алтын казганы жаткан компаниянын өкүлдөрү жана жергиликтүүлөр менен байланышып, айтылып жаткан экология, суу жана элди алдоо жолу менен кол койдурган маселелерди карап, кайрадан кен казганы жаткан “Ориел Голд” компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн тийиштүү адистерге кайрылып текшерттик. Корутундусу чыга элек. Эгер айтылып жаткан көйгөйлөр чын болсо, мен да эл менен кошо каршы болуп, ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылам”.

Кыргызстанда экологияны бузуп жатат деген негизде кен иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыккан учурлар көп. Аксы районунда буга чейин кенге байланыштуу нааразылык чыккан эмес. Бирок Жалал-Абад облусунун башка райондорунда, Чаткал, Ала-Букада кен казган компанияларга каршылык көрсөтүү, тополоң менен коштолгон окуялар орун алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG