Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

“МедиаХабдын” иликтөөчү журналисти коркутууга кабылганын айтып чыкты


Kyrgyzstan - journalist - journalists - camera - cameraman - media -
Kyrgyzstan - journalist - journalists - camera - cameraman - media -

"Али Токтакунов МедиаХабынын" иликтөөчү журналисти Мээрим Айныкеева белгисиз жарандын коркутуусуна кабылды. Бул тууралуу "Медиахабдын" негиздөөчүсү, журналист Али Токтакунов өзүнүн Facebook баракчасына жазды. Маалыматта айтылгандай, 11-октябрдын кечинде Бишкектин Токтогул-Манас көчөсүнүн кесилишиндеги кафелердин биринде бейтааныш адам кабарчынын жолун тороп, суракка алган. Айныкеева ал адамды сүрөткө тартмакчы болгондо белгисиз жаран кол телефонун тартып алууга аракет кылган. Коркуткан жаран өзүн атайын кызматтын кызматкери экенин айткан.

Айныкееванын "Азаттыкка" айтымында, белгисиз адам өзүн тааныштырган эмес. Ал журналисттин кайдан болорун, буга чейин кайда иштегенине кызыгып, Али Токтакунов тууралуу бир-нече жолу суроо узаткан.

"Биз азыр адвокаттар менен сүйлөшүп, кеңешип жатабыз. Мындан кийинки аракетибиз юристтердин кеңешине жараша болот", - деди Айныкеева.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул боюнча комментарий бере элек. Мээрим Айныкеева аталган "МедиаХабдын" алкагында бир нече иликтөөлөрдү жасаган.

“Али Токтакуновдун МедиаХабы” фонду ушул жылдын башында негизделип, ачылышы 18-февралда өткөн. Фонд коррупциялык көрүнүштөрдү иликтөөгө көмөк көрсөтөт. Ошондой эле кино тармагына, кыргыз тасмаларын жайылтууга салым кошууну көздөйт.

"МедиаХаб” буга чейин ПЧР-тесттин тастыктамасын жасап саткандар, элге насыя берген "Сомо" компаниясынын ишмердүүлүгү, Ош шаарындагы күмөндүү тендерлер жана башка темалар боюнча иликтөө материалын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG