Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

ЖК комитети президенттин жаңы өкмөт боюнча сунушун колдоду


Жогорку Кеңеш имараты.
Жогорку Кеңеш имараты.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети бүгүн 12-октябрда Министрлер кабинетинин жаңы курамы жана түзүлүшү боюнча маселени карап, президенттин сунушун колдоду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын – президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Акылбек Жапаров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып төмөнкүлөрдү билдирди:

«Салык чогултуу ыкмаларын жөнгө сала турган болсок, саясат киришпесе, олигархтар, депутаттар, министрлер же ошолордун үстүндө турган саясатчылар экономикага кийлигишпесе, анда бюджетти көтөрсө болот. Жалпысынан быйыл консолидация болгон мамлекеттик бюджет 280 миллиард сом болот, ошону менен жылды жабабыз деп жатабыз. Эмки жылдын жыйынтыгы менен кирешебиз 400 миллиард сом болот».

11-октябрда президент Садыр Жапаров Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Ага ылайык өкмөттүн курамы жана түзүлүшү өзгөрөт.

12-октябрда президенттин жарлыгы менен Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан бошотулду, Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын – президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Министрлер кабинетинин жаңы курамы
Министрлер кабинетинин жаңы курамы

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Министрлер кабинетинин азыркы курамы кызматтан кетти. Кабинет мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар жаңы курам түзүлгөнчө өз милдеттерин аткарууну улантат.

Жаңы өкмөт боюнча маселе эми парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG