Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Сокулук районунда чакан ГЭС ишке кирди


Сокулук ГЭС-2.
Сокулук ГЭС-2.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук ГЭС-2нин ишке киришине байланыштуу өткөн иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.

Мамлекет башчы орто мөөнөттүү жаңы тариф саясаты кабыл алынганын белгилеп, энергияны кайра жаратуучу булактар тармагындагы жабдууларды жана техникаларды импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөө милдеттемесинен бошотулганын белгиледи. Мамлекет бул багыттагы ишкердикти лицензиялоодон бошотуп, жеңилдиктерди берүү мөөнөтүн 15 жылга чейин узартуу механизмдери иштелип чыкканын кошумчалады.

Расмий маалыматка караганда, ушул жылдын март айынан бери 20дан ашуун компания чакан ГЭСтерди курууга даяр экенин билдирип, тиешелүү күбөлүктөргө ээ болушкан. Учурда республика боюнча жалпы кубаттуулугу 54 мегаватт болгон жана жылына 200 миллион кВт сааттан ашык энергия өндүргөн 10 чакан ГЭС бар. Бирок бул генерациянын көлөмү электр энергиясынын 3 миллиард кВт саат тартыштыгын жабуу үчүн жетишсиз.

Президенттин белгилешинче, өлкөдө 200дөн ашуун чакан ГЭС салууга ыңгайлуу жер бар жана чакан ГЭСтер 6-7 жылдын ичинде өзүн-өзү толук актайт.
Садыр Жапаров жергиликтүү жана бардык кызыкдар болгон инвесторлорду Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө инвестиция салууга чакырды.

Сокулук ГЭС-2 1960-жылы пайдаланууга берилген. Советтер Союзу тарагандан кийин бул ГЭС консервацияланган жана 2007-жылы станцияны изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча негизги электротехникалык жабдуулар, ошондой эле гидротехникалык курулмалар жана ГЭСтин имараты бөлүктөргө бөлүнүп, жарым-жартылай талкаланган. Андыктан аны ишке киргизүү үчүн толук реконструкциялоо талап кылынган.

ГЭС-2нин белгиленген кубаттуулугу — 2,4 МВт (2×1,2 МВт), электр энергиясын иштеп чыгуунун орточо жылдык көлөмү — 11 895 756 кВт/с түзөт.

Чакан ГЭС ишке кирсе Чүй облусуна электр энергиясын иштеп чыгуу көбөйөт, тармактардагы жоготуу азайып, керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана туруктуу электроэнергиясы менен камсыздайт.

Кыргызстандагы энергетикалык таңкыстыктын алдын алуу үчүн учурда Орусиядан 2-3 млрд. кВт саат электр энергиясын алуу үчүн сүйлөшүү жүрүп жатканы да кабарланган. Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында быйыл август-декабрь айларында Түркмөнстандан 501,9 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Кыргыз өкмөтү мындан тышкары кышкы жылуулук сезонунда Казакстандан да кошумча электр энергиясын алып келет.

Быйыл Кыргызстанда Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында жетишсиздик жаралууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG