Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

Царнаевдин өлүм жазасын калыбына келтирүү боюнча сот уланды


Жохар Царнаев. Архивдик сүрөт
Жохар Царнаев. Архивдик сүрөт

АКШнын Жогорку сотунун судьялары Бостондогу теракт үчүн айыпталган Жохар Царнаевдин өлүм жазасын калыбына келтирүүгө ыкташууда. Шаршембиде бир жарым саатка созулган аргументтерди угууда консервативдүү көз караштагы алты судья Юстиция министрлигинин өлүм жазасын жокко чыгаруу чечимине каршы турумун жактагандай көрүндү. Андай чечимди төмөнкү инстанциядагы сот кабыл алган болчу. Либералдуу 3 судья Царнаевдин өлүм жазасын калыбына келтирүү керектигине бекем турган АКШ администрациясынын адвокатына катуу суроолорду беришти.

Чечен улутундагы Царнаев 27 жашта, Кыргызстанда туулган. 2013-жылдын апрелинде Бостон марафону учурунда 3 кишинин өмүрүн алган, жүздөгөн кишини жарадар кылган теракт үчүн 2015-жылы айыптуу деп табылган. Агасы Тамерлан жардыруу болгондон кийин полиция менен атышууда окко учкан. Сот арачылары Жохар Царнаевди 30 беренеден турган бардык айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, кийинчерээк аны өлүм жазасына тартуу чечимине келген.

Адвокаттары ага-ининин кол салганын моюнга алуу менен бирге Тамерланды радикалдашкан уюштуруучу катары сүрөттөп, инисин агасынын таасири астында калган жаш жигит деп коргоп келишти.

Прокуратура Жохарды агасындай эле күнөөлүү деп тапкан. Кылмышкерлер жардырууну АКШны мусулман өлкөлөрүндө жүргүзүп жаткан согуштар үчүн жазалоо экенин айтышкан.

Сурамжылоолорго караганда, АКШда өлүм жазасына каршы болгондор көбөйүүдө жана Бостондогу респонденттердин басымдуусу Царнаевди өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесүүнү жакташат.
Айрым кишилер Жогорку соттун Царнаев боюнча чечими башка айыпкерлерди өлүм жазасына тартуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн деп чочулашат.

Башкалар болсо Кошмо Штаттарда федералдык деңгээлде өлүм жазасы бар болгондуктан, Царнаев жасаган кылмыштар үчүн аны колдонуу керек деген ойдо.

Жогорку сот бул иш боюнча 2022-жылдын июль айында өкүм чыгарары күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG