Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:45

Өзбекстан "каттоо" деген терминден баш тартат


Ташкент мэриясынын имараты
Ташкент мэриясынын имараты

Өзбекстандын парламенти “жашаган жеринде катталуу” (прописка) деген түшүнүк “моралдык жактан эскирген” деп айтылган мыйзам долбоорун талкуулады.

“Азаттык” радиосунун өзбек редакциясы маалымдагандай, депутаттардын айтымында, азыркы терминди жарандар "эркиндиктерди чектеген" сөздөр менен байланыштырышат. Андыктан мыйзам долбоорунда "туруктуу каттоо" өңдүү терминдердин ордуна "туруктуу жашаган жерде катталуу" өңдүү башка аныктама сунуш кылынмакчы.

Былтыр президент Шавкат Мирзиёев Ташкент шаары жана облусунда катталуу системасын жөнөкөйлөштүргөн буйрукка кол койгон. Документте башкалаада каталуу үчүн айрым талаптарды алып салуу каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG