Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:53

Норвегия: беш кишини жаа менен өлтүрүүгө шектүү исламды кабыл алганы маалымдалды


Кол салуу болгон жер. Көнгсберг шаары, Норвегия. 13-октябрь 2021-жыл
Кол салуу болгон жер. Көнгсберг шаары, Норвегия. 13-октябрь 2021-жыл

Норвегияда беш кишини жаа менен өлтүрүүгө шектелип жаткан 37 жаштагы даниялык адам исламды кабыл алганы айтылды. Бул тууралуу полициянын өкүлү билдирди.

Дагы эки киши жараат алган окуя 13-октябрдын кечинде Ослодон 70 чакырым алыс жердеги Көнгсберг шаарчасында болгон. Жаракат алгандардын бири ал кезде эс алып жаткан полиция кызматкери экени маалымдалды.

Норвегияда 2011-жылдан бери мындай чабуул боло элек болчу. Ошол жылы жайында ашынган оңчул экстремист Андерс Беринг Брейвик 77 кишини өлтүргөн, көбү жаштар лагериндеги өспүрүмдөр эле.

Соңку окуядан кийин адатта куралсыз жүргөн полиция кызматкерлерине куралдануу буйругу берилди. Шектүүнүн адвокаты ал сурак берип, тергөө менен кызматташып жатканын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG