Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы кабыл алынды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров "2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" жарлыкка кол койду.

"Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу, 2018-2040-жылдары өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлорду актуалдаштыруу Министрлер кабинетине тапшырылды",-деп кабарлады президенттин басма сөз кызматы.

Улуттук программада аткаруу бийлигин, сот жана укук коргоо органдарын, административдик-аймактык түзүлүштү реформалоо жана башкарууну санариптештирүү киргизилген. Мындан сырткары гидроэнергетика, туризм, кен казуу, айыл чарба менен кайра иштетүүнү жана жеңил өнөр жайды өнүктүрүүгө артыкчылык берилген. Пандемиядан улам саламаттык сактоо тармагында түп-тамырынан кайра өзгөртүү программасын иштеп чыгуу талап кылынары белгиленген.

Программада мектепке чейинки билим берүүгө басым жасалган. Педагогдорду жана тарбиячыларды колдоо, айлыкты жогорулатуу, турак жай маселесин чечүү, жеңилдетилген ипотекалык программаларын ишке киргизүү, мугалимдин статусун жогорулатуу программадагы артыкчылыктуу багыттардын бири катары көрсөтүлгөн. Ага ылайык, ар бир чөлкөмдө “Кыргыз лицейлери” – билим берүүнүн жаңы комплекстүү уюмдары түзүлөрү жазылган.

Программа ар жылдык экономикалык өсүштүн реалдуу темпин орточо алганда 5% деңгээлде камсыз кылуу, ички дүң өнүмдү (ИДП) калктын жан башына алганда кеминде 1 500 АКШ долларына жеткирүү, жумушсуздуктун деңгээлин 5% чейин төмөндөтүү, чет элдик инвестициялардын жылдык келүүсүн кеминде ИДПнын 13% өлчөмүнө жеткирүү, мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмү ИДПнын 60% көп эмес деңгээлинде сактоого жетишүүнү көздөй турганы жазылган.

Быйыл "Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын" иштеп чыгуу боюнча эксперттик топ түзүлүп, алгачкы отуруму 9-мартта өткөн эле. Эксперттик топ коронавирус пандемиясынан улам келип чыккан кризисти, конституциялык жана мамлекеттик башкаруу системасында жүрүп жаткан реформаларды эске алуу менен 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыккан.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард долларга жакындап, 2020-жылы мамлекеттин карызы 343 млн. долларга көбөйгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, мамлекеттик карыздардын чоң бөлүгү 2023-жылдан баштап төлөнө баштайт.

2027-жылдары Кыргызстан бул үчүн жылына 400 миллиондой доллар бөлүп турушу керек болот. Кыргызстан 1992-жылдан 2018-жылга чейин 10 млрд. 193 млн. доллар грант жана насыя алган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG