Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Зомбулукка кабылганын айткан журналист УКМКга арыз жазды


УКМК имараты.
УКМК имараты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкеринин зомбулугуна кабылганын айткан журналист окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн атайын кызматка кайрылды. “Али Токтакунов МедиаХабынын” журналисти Мээрим Айныкеева 14-октябрда УКМКга адвокаты менен чогуу барып арыз жазганын анын кесиптештери кабарлашты.

Бул маселе 13-октябрда Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Депутат Наталья Никитенко УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, кабарчы кызга зомбулук көрсөткөн адам өзүн УКМК кызматкери деп тааныштырганын, бул иш сөзсүз иликтениши керектигин айткан.

Ташиев УКМК кызматкери “эч качан андай ишке барбай турганын” айтып, “Журналистке айтып коюңуз, мага кайрылсын, эртең эле иликтеп чыгам” деп жооп берген.

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов 12-октябрда “Фейсбуктагы” баракчасына жазгандай, кабарчы кыз белгисиз бирөөнүн зомбулугуна Бишкектеги кафелердин биринде туш болгон. Өзүн “УКМКда иштейм” деп тааныштырган адамды сүрөткө тартып алганда ал кыздын колунан телефонун жулуп алууга аракет кылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG