Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Акылбек Жапаров Баткенге жыл сайын 500 млн. сом бөлүнөрүн билдирди


Айгүл гүлү. Архивдик сүрөт.
Айгүл гүлү. Архивдик сүрөт.

Бүгүн, 14-октябрда Баткен шаарында "Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү" форуму өтүп жатат. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустардын, финансылык институттардын, бизнес-омбудсмен өкүлдөрү, атамекендик ишкерлер катышууда. Форумга 300дөн ашык адам келген.

Өкмөт башчы жыл сайын Баткен облусун өнүктүрүү фондуна казынадан 500 млн. сомдон бөлүнүп турарын билдирди. Бөлүнгөн акча ай сайын берилбей жыл башында эсепке түшүп, экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.

"Форумдун жыйынтыктары боюнча өкмөттүн отурумун жаңы жылга чейин Баткенде өткөрөбүз. Форумда кабыл алынган чечимдин баары кандай аткарылып жатат, кол коюлган бизнес долбоорлор илгери жылдыбы, аларга бизден кандай жардам керек экенин талкуулайбыз. Электр энергия, суу, канализация деген маселелерди чечип берет деген милдеттенмени өкмөт моюнга алып жатат. Капиталга болгон жеткиликтүүлүктү биз Баткен облусунан баштайбыз. Ишкерлерге каражат таап беребиз, бирок долбоорлордун бардыгы сапаттуу болуш керек", - деди Жапаров.

Мындан тышкары Дүйнөлүк банк менен алдын ала макулдашуулар жүрүп, 60 млн. АКШ доллары Баткен облусунда айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жумшаларын кошумчалады.

"Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү" форуму аймактын экономикалык потенциалын кеңейтүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү, жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын жогорулатуу максатында уюштурулган.

Быйыл апрелдин соңундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышта күйүп кеткен жана талкаланган Баткен районундагы үйлөр толук курулуп бүтө элек.

28-30-апрелде, 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 140 турак жай, беш мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб толугу менен талкаланган.

Тажикстандын Согд облусунда 14 турак жай бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Эки өлкө бул үчүн бири-бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (КЕ/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG