Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Шайлоо-2021: Партиялардын 23үнүн талапкерлер тизмеси такталды


Кыргызстанда парламенттик шайлоого республиканын бирдиктүү округунан партиялык тизме менен катышууну көздөгөн партиялардын арасынан 13-октябрга карата 23ү талапкерлери аныкталганын расмий билдирди. Бул тууралуу 14-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы маалымдады.

Жалпысынан шайлоого катышуу ниетин 73 партия расмий түрдө билдирген. Алардын 26сы курултайларын өткөрүштү.

Партиялар документтерин 18-октябрга чейин тапшыра алат.

Бүгүнкү күнгө карата “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата Мекен”, “Ишеним”, “Ынтымак” жана «Улуттар Биримдиги» партиялары каттоого сунуш кылынган талапкерлеринин тизмесин жөнөттү.

Кыргызстанда быйыл 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоонун жаңы эрежесине ылайык, пропорционалдык тутумдун негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54, ал эми мажоритардык тутумдун негизинде бир мандаттуу округ боюнча 36 депутат шайланат.

Бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер болуп катталуу үчүн БШКга арыз менен кайрылгандар 381 адам болду. Алардан арыз кабыл алуу 13-октябрда токтоду, каттоо 29-октябрда жыйынтыкталат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG