Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 20:56

ӨКМ: Кегетиде адашып кеткен индиялыктар табылды


ӨКМ тараткан сүрөт.

Чүйдө тоодо адашып кеткен индиялык жарандар табылганын 14-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 10 индиялык Кегети капчыгайындагы Көлтөр деген жерге эс алууга барып, жолдон адашып кеткен.

Куткаруучулар Токмок шаарынан 13-октябрда саат 22:30да жөнөп кетип, аларды саат 05:27де табышкан.

Адашкандарды таап, тийиштүү кызматкерлерге аман-эсен өткөрүп беришти.

Кыргызстанда Индиядан келген миңдеген студенттер билим алат. Турист катары, иш менен келгендер да бар. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG