Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Путин: Муратов "чет элдик тыңчылардын" тизмесине кириши мүмкүн


 Нобел сыйлыгынын лауреаты, журналист Дмитрий Муратов.
Нобел сыйлыгынын лауреаты, журналист Дмитрий Муратов.

Орусиянын президенти Владимир Путин 13-октябрда "Орусиянын энергетикалык аптасы" жыйынында сөз сүйлөп, Нобел сыйлыгынын лауреаты, журналист Дмитрий Муратов мыйзамдарды бузса, жооп бере турганын айтты.

"Эгер ал мыйзамдарды бузбаса, "чет элдик тыңчы" катары таанылгандардын тизмесине киргидей иш-аракеттерди кылбаса, анда кирбейт. Бирок ал Нобел сыйлыгына жамынып алып, Орусиянын мыйзамдарын бузса, балким мыйзамдарды өз каалоосу менен кайсы бир максатты көздөп бузса, анда ал "чет элдик тыңчылардын" тизмесине алынат да".

"Новая газета" гезитинин редактору Дмитрий Муратов постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен алгачкы жолу быйылкы Нобел сыйлыгын алган журналист.

Буга чейин Муратовду АКШнын президенти Жо Байден куттуктаган. Муратов сыйлыктан ыйгарылчу акчаны кайрымдуулукка жумшап, оор дартка чалдыккан балдардын дарылануусуна бере турганын билдирген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG