Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Сузак: тойдо уулангандар 100дөн ашты


Сузак райондук жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты. 13-октябрда тартылган сүрөт.
Сузак райондук жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты. 13-октябрда тартылган сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 11-октябрдагы тойдо тамак-ашка ууланган 100дөн ашык киши ооруканага кайрылды. Учурда райондук жугуштуу оорулар бөлүмүндө 22 бейтап дарыланууда.

Алардын төртөө өспүрүм, арасында кош бойлуу аялдар да бар. Уулангандар негизинен Бек-Абад айылынын тургундары.

14-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тамак-ашка ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 138ге жетти.

Учурда ооруканада 22 бейтап дарыланууда. Алардын төртөө бала, арасында эки кош бойлуу аял да бар.

Райондук жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Асадилла Мурсалиев билдиргендей, ооруканадагы бейтаптардын абалы орто. Учурда уулануунун так себеби аныктала элек.

Асадилла Мурсалиев
Асадилла Мурсалиев

“Ооруканага кайрылган жарандардын дене табы көтөрүлүп, ичи өтүп, кусуп келишкен. Тиешелүү анализдер алынып, райондук санэпидемиология кызматына жөнөтүлгөн. Биз анализ кылып көргөнүбүздө, бейтаптар тойго барганын, эт, шорподон улам ушундай болгонун айтышууда”.

Кайрылган бейтаптар жылкы этине ууланышы мүмкүндүгүн айтышууда. 10-октябрда Бек-Абад айылынын тургуну уул жана үй той өткөрүп, анда жылкы союлган. Ооруканага ууланып түшкөн жарандардын баары тойго баргандар.

Бейтапканада жаткандардын арасында 26 жаштагы Дүрдана да бар. Ал тойго катышып үйүндөгү балдарына да эт менен аш алып келип берген. Азыр кичинекей үч баласы жана кайненеси менен чогуу ооруканада жатат.

Бейтаптар жаткан бөлмө
Бейтаптар жаткан бөлмө

“Тойго барып жылкынын этин жана шорпосун ичкен элем. Балдарыма да алып келгенмин. Төрт күндөн бери ооруканага каттап ийне алып жаткан элем. Бүгүнтөн баштап абалым жаман болуп, ооруканага жаттым. Үч балам, кайненем да ууланышты”.

Тойго барып эт жегендердин дагы бири Шахзода ооруканага эстен танган абалда келген.

“Тойдо шорподон ооз тийгем, ичкен эмесмин. Аш менен эт жегем. Тойдун эртеси чыйрыгып баштадым, түштө кустум. Ошондо деле ууланып калганымды билбепмин, ФАПка барып, асма ийне алып келдим. Андан кийин деле өзүмө келе албадым, эсим ооп жыгылыпмын. Көзүмдү ачсам ооруканада экем. Азыр өзүмдү кыйла жакшы сезип турам”.

Жалал-Абад шаардык Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Рома Ураимовдун айтымында, ууланган жарандар жеген жылкы жана кой эттерин текшерүү үчүн лабароторияга алып кетишкен. Жыйынтык бир-эки күндө чыгары күтүлүүдө.

“Тойдо жылкы менен кой союлган экен. Биз этти лабораторияга алып келип текшерип жатабыз”.

Кыргызстанда той-аштан жапырт ууланган учурлар байма-бай катталып келе жатат. Ушул жылдын март айында Аксыда кафеде чогулуп, тамактанышкандан кийин ууланып, алты киши кайтыш болгон. Алардын өлүмүнө колго жасалган арак себеп болгону айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG