Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

"Агам өз кызын кордоп жүргөн". Жумгалдагы кайдыгерлик


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Милиция өз кызын эки жылдан бери зордуктап жүргөн деген шек менен Жумгал районунун тургунун кармады. Ал буга чейин аялынын өлүмүнө себепкер болуп, сегиз жыл абакта отуруп чыккан.

Жумгал районунун 54 жаштагы тургуну 13 жаштагы өз кызын зордуктап жүргөн деп шек саналууда. Милициянын маалыматына караганда, ал мындай ыплас аракетти кызына эки жылдан бери жасап жүргөн.

Кылмышка шектүү Жумгал райондук милициясынын кармоочу жайында камалган. Райондук сот аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн имараты.
Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн имараты.

“Бул факт 2021-жылдын 21-сентябрында каттоого алынган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагындагы суракта шектүү өз кызы менен 2021-жылдын июль айында бир жолу жыныстык катнашта болгонун айтып берген. Ошондой эле ал буга чейин сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерин кызына жасагандыгын билдирген. Ал эми жабырлануучу эки жылдан бери атасы зордуктап келгенин айтты”, - деп билдирди Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова.

Бул окуя сексуалдык зомбулукка кабылган кыз эс-учун жоготуп жыгылганда белгилүү болгон. Кылмышка шектүүнүн карындашы агасынын ыплас иши кандайча ачыкка чыкканын айтып берди.

“Бул кыз аябай түнт тартып кеткенде Бишкекке барып, кийим алсын, алаксып келсин деп атасынан суранып жатып жибергем. Сентябрдын 12-13төрү болчу. Жаңы окуу жыл 15-сентябрда башталмак. Ал жерде менин кызым менен чогуу болчу. Бир күнү эс-учун жоготуп жыгылып калды. Ошондо эмне болгонун менин кызыма айтып берип жатпайбы. Ошол окуядан кийин туугандар чогулуп сүйлөшүп, милицияга кайрылууну туура көрдүк. Качанкыга чейин "эл эмне дейт?" деп жашайбыз. Кыз элдин сөзүнөн коркуп, үч жыл жүрдү да. Жедеп стресске батып, кысылып кеткенде гана эс-учун жоготуп жыгылды да".

Кылмышка шектүү адам 2010-жылы аялынын өлүмүнө шек саналып, абакка кесилген. Сот аны 16 жылга эркинен ажыраткан. Бирок 2018-жылы пробацияга илинип, эркиндикке чыккан.

“Жеңемдин өлүмүнө да агам түздөн-түз күнөөлүү. Мас болуп жеңемди сабайм деп кубалаганда жеңем качып баратып цемент түркүктү сүзүп алган. Бул окуя алардын үйүнүн эшигинин алдында болгон. Жарааттан улам жеңем каза болуп калды. Жеңемдин аркасында үч бала калды. Бул окуядан кийин алардын балдарын мен багып чоңойттум. Зомбулукка кабылган кызы ошондо эки жашка чыга элек болчу. Агам түрмөдөн чыкканда балдарын болбой колуна алган”.

Анын айтымында, агасы абактан бошонуп келип, эки уул, бир кызын колуна алган жылдарда балдар мектепте тыңгылыктуу окуган эмес. Алар улам мектеп которуп, туугандарынын колунда жүргөн.

Зомбулукка кабылган өспүрүм мурда окуган мектебин таштап, Жумгалдын башка бир айылында атасынын бир тууган карындашынын үйүндө жашап, ошол айылдагы мектепте эки жыл окуган экен. Бул учурда анын атасы кайра үйлөнүп, айылга жакын жердеги эки бөлмөлүү сарайда жашап турган. Ал кызын жана уулдарын өзүм багып чоңойтом деген таризде үйүнө алып кетип турган.

“Кыз коркок болуп калды. Атасы менин үйүмө такыр кое бербей, үйүнөн чыгарбай салды. Абактан бошонуп, кызын менин колуман алып кетип жатканда аябай кабатыр болгом. Чыркырап, талаштым. Кийин балдарына кылган мамилесин көрүп, айыл өкмөттүн кызматкерлерине кайрылдым. Балдарды өзүмдүн эле колума алайынчы деп өтүндүм. Анткени, ал үй кепе, жашаганга шарт жок. Балдардын ошол үйдө күн кечирип жатканына жаным ачыды. Кызды үйүмө алып келип, жуунтуп турчумун. Бирок буга эч ким маани берген жок. "Атасы да" деп көңүл бурбай коюшту. Эми баары ачыкка чыккандан кийин чуркап калышты", - деп кейиди кылмышка шектүүнүн карындашы.

Бул окуя катталган Кабак айыл аймагынын башчысы Эрлан Качкынбек уулунун айтымында, кылмышка шектүүнүн карындашы айыл өкмөткө агасын аталык укуктан ажыратып берүүнү өтүнүп оозеки кайрылган. Бул маселе учурунда Жумгал райондук администрациянын социалдык бөлүмүндө каралган.

"Мен айыл өкмөт башчысы кызматына келгениме үч ай гана болду. Бул окуяны билгенден баштап эле буга чейин биздин кызматкерлер кандай иштерди жүргүзгөнүнө кызыктым. Алар учурунда бул үй-бүлөнү бир нече жолу текшерип, милицияга билдирүү беришкен экен. Бул маселе айыл өкмөттүн көзөмөлүндө турган".

Зомбулукка кабылган кыз азыр атасынын туугандарынын үйүндө жашап жатат. Облустук бийлик аны реабилитациялык борборго жайгаштыруу маселесин чечүүгө аракет көрүүдө.

Окуяга байланыштуу 12-октябрда Нарын облустук администрациясында Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча координациялык кеңештин жыйыны болду.

Ага балдар менен иш алып барган облустагы жана Жумгал районундагы мекемелердин жетекчилери катышты. Жыйында үй-бүлөлүк зомбулукка жол берген жана учурунда кабар албаган тийиштүү мекеменин өкүлдөрүнө тартиптик чара көрүү маселеси көтөрүлдү.

Координациялык кеңештин мүчөсү, Нарындагы "Аруу Тилек" кризистик борборунун жетекчиси Жылдыз Капарова буларга токтолду.

"Бул киши пробация менен абактан бошонуптур. Эмнеге андай болгон? Ал чыккандан кийин эмнеге көзөмөлгө алынган эмес? Мен координациялык кеңештин жыйынында пробация менен абактан чыккан адамдарды текшерүү сунушун айттым. Анткени, азыр 154 адам ушундай жеңилдик менен эркиндикте жүрөт. Алардын эмне кылып жатканынан эч кимдин кабары жок. Мисалы, мен жетектеген борбордо түрмөдөн чыккан адамдан сексуалдык кордук көргөн төрт өспүрүм бар. Ооба, адам укугу деген абдан маанилүү. Бирок абактагы адамдардын укугун коргоп жатканыбыз менен алар башкалардын укугун сыйлабай жатпайбы. Өспүрүмдөргө зомбулук көрсөтүп, ырайымсыз мамиле көрсөткөнгө эч кимдин акысы жок".

Буга чейин Кыргызстандагы укук коргоочулар балдарга денесин, укугун, жыныстык зомбулуктан өзүн кантип коргош керектигин үйрөткөн колдонмо иштеп чыгышкан.

"Балдар укугун коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова колдонмо эл аралык ЮНИСЕФ уюмунун жардамы менен иштелип чыкканын айткан.

"Автобустарда тестиер кыздарга, балдарга тийишкен учурлар көп катталууда. Колдонмодо балдарга денесин, укугун, жыныстык зомбулуктан өзүн кантип коргош керек экенин үйрөткөн кеңештер камтылат. Биз билбейбиз да, балким балдарга ыдык көрсөткөн адам ВИЧ же башка ооруларды алып жүрөт. Андыктан балдарга өзүн коргоону үйрөтүү учур талабы", - деген Турдубекова.

Кыргызстанда соңку жылдары жашы жете элек тестиерлерге сексуалдык ыдык көрсөтүп же зордуктаган окуялар тууралуу маалыматтар көп жарыяланууда.

5-сентябрда Талас шаарынын төрт тургуну 6-7 жаштагы кыздарына сексуалдык ыдык көрсөткөн деп, кошуна жашаган 24 жаштагы А. Т. аттуу жарандын үстүнөн милицияга кайрылган. Арыздын негизинде Жазык кодексинин 165-беренеси (“Ыплас аракеттер”) менен сотко чейинки териштирүү ишин баштап, шектүү эки айга тергөө абагына камалды.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жасаган иликтөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, 2020-жылы тогуз айда "Зордуктоо" беренеси боюнча 269 иш сотко чейинки териштирүүгө алынса, 200ү сотко жетпей токтотулган, 17 иш гана сотко жеткен. 54 иш "Жашы жете электерге жыныстык ыдык көрсөтүү" беренеси менен катталган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча мурдагы жылдары жашы жете электерге карата 1101 кылмыш иши катталган, анын 150дөн ашууну жыныстык мүнөздө болгон.

2017-жылы курамына депутаттар, укук коргоочулар жана тийиштүү мекемелердин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлүп, балдардын абалын жакшыртуу, укугун коргоо боюнча мыйзам долбоорлордун топтомун, жаңы Кодекстин редакциясын иштеп чыккан. Президентке кайрылган укук коргоочулар бул документти кабыл алуу улам кийинкиге жылып келатканын айтышкан. Кайрылууга "Балдар укугун коргоо лигасы", "Укук борбору" "Биздин үн" баш болгон отуздан ушуун уюм кол койгон.

Өткөн айда Кыргызстанда балдар укугун коргоо жаатында иштеген бир нече уюм президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдогон. Анда Балдар жөнүндө кодекстин жаңы редакциясын жана мыйзам долбоорлордун топтомун тезирээк кабыл алуу өтүнүчү айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG