Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Зордуктоого кабылган секелектин жакындары сотко нааразы


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Ош облусунда 15 жашар кызды зордуктоого шектелген жарандын үстүнөн сот иши уланууда. Кордук көргөн секелек көз жарып, уулу төрт айлык болуп калды. Анын жакындары 63 жаштагы шектүүгө карата соттук иштер созулуп жатат деп нааразы.

Мектеп жашындагы секелек биз менен жолугууга баласын көтөрүп келди. Ал азыр 16 гана жашта, төрт ай мурда көз жарган. Бала кыял, али энелик сезимди туйбаган кыздын айтымында, бир жыл мурдагы зомбулук Араван районундагы өзү жашаган Чек-Ават айылында, үйүнүн жанында болгон. Ошол күнкү окуяны ал мындайча сүрөттөдү.

“Мен жүгөрү талаага заара кылганы шашып кирип калдым эле. Артымдан эле кире калып оозумду басып зордуктады. Ал күн 20-август эле. Күүгүм кирип, бирок шам намазы боло элек убак болчу. Үйүмө келсем кийимдерим кан болуп калган экен”.

Жаш кыздын абалын убагында эч ким билген эмес. Убакыт өтүп, анын ичи чоңоё баштаганда, 2020-жылдын декабрында ата-энеси дарыгерлерге көрсөтүп, боюнда бар экенин билишет.

Алар дароо аймактагы участкалык милицияга кайрылган. Зордуктоого шектүү 63 жаштагы коңшусуна карата Жазык кодесинин 162-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча, тагыраагы “жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасаган” деп кылмыш иши козголгон. Шектүү быйыл июнда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши Араван райондук сотуна быйыл 18-июнда келип түшкөн. Жаш кыздын энеси соттун ишине нааразы болууда:

“Өткөн күнү да сот болот деп чакырышты. Барсак, жабык сот болот деп, аз эле адам киргизди. Мен кызым экөөбүз, анын эки адвокаты жана биздин адвокат болду. Сот аз эле нерсени сурап чыгарып жиберди. Соттук отурумга деле окшобойт. Биздин талап - ал киши камалышы керек”.

Соттук иштер токтоп калды

Тергөө абагындагы шектүү азыркы учурда COVID-19 илдетине чалдыгып, ооруканада дарыланып жатканы кабарланды. Ушуга байланыштуу соттук иштер убактылуу токтотулганын Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди:

Айпери Туратбек кызы
Айпери Туратбек кызы

“Шектүү 2021-жылдын 14-июлунан бери коронавирус менен ооруп жатат. Араван райондук сотунун 2021-жылдын 22-июлундагы токтому менен жазык иши айыпталуучу айыгып чыкканга чейин өндүрүштөн убактылуу токтотулган”.

Жабырлануучу тарап соттук иштердин убактылуу токтотулушуна караманча каршы. Адвокат Абдисатар Чоконов шектүүнүн ооруканага жаткырылышын мыйзамсыз деп эсептеп, тиешелүү органдарга арыз менен кайрылганы жатат.

“Убактылуу кармоочу жайда жаткан киши кантип ооруп калат? Ал жакта дарыгерлер да бар. Сотко бир маалымкат алып барышыптыр. Соттон анын көчүрмөсүн алып, тиешелүү жактардын баарына арыз жазам”.

Шектүүнүн өзүнөн комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирок анын адвокаты Улукбек Бекташов ага коюлган айыптарды четке какты.

“Менин кардарым андай иш кылган эмес деген ойдо турам. Жөн эле ушундай жалаага калып кеттиби деген ой бар. Себеби, болгон иш боюнча жабырлануучу тарап так айтып берсе бир жөн. Көрсөтмөлөр, соттук медициналык экспертизалар туура келсе, мен да чындап эле зордуктоо болгон деп ойлонот элем. Кыздын да көрсөтмөсү башкача чыгып жатат”.

"Ак Жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова жаш өспүрүмдөргө каршы зордук-зомбулук көбөйгөнүн айтат. Ага башкы себеп катары козголгон кылмыш иштеринин аягына чыкпай калышын көрөт.

Дарика Асилбекова.
Дарика Асилбекова.

“Эл-журтка уят болбойлу дешет. Экинчиден, психологиялык жактан абдан жабыркайт. Үчүнчүдөн, ар кайсы жакка арызданып чуркай берип чарчап калышат да, арыздануудан баш тартып коюшат. Биз мыйзамдуулук үчүн күрөшкөнүбүз менен мыйзамсыздыкка карай жол абдан ачык болуп калып жатат”.

Ош облусунда 2020-жылы зордуктоо боюнча жалпы тогуз кылмыш иши сотко өткөн. Ал эми жыл жаңыргандан бери жашы жете электерге карата зордуктоо аракети менен сегиз учур катталган. Алардын экөө сотко өтүп, калганында кылмыш курамы жок болгондуктан кыскартылган.

  • 16x9 Image

    Маратбек Акимбек уулу

    Маратбек Акимбек уулу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика бөлүмүн аяктаган. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG