Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Тажикстанда сексуалдык кылмыштар үчүн жазалар катаалдашты


Асадулла Ибраимов деген жергиликтүү молдо сексуалдык кылмышка барды деп айыпталып, 7 жылга абакка кесилди. Дүйшөмбү. 2013-жылдын 24-октябры.
Асадулла Ибраимов деген жергиликтүү молдо сексуалдык кылмышка барды деп айыпталып, 7 жылга абакка кесилди. Дүйшөмбү. 2013-жылдын 24-октябры.

Тажик парламентинде жашы жете электерге сексуалдык зомбулук жана ыдык көрсөткөндөргө жазаны катаалдатуу маселеси каралууда. Депутаттар мындай кылмыш жасагандарды ата-энелик укуктан ажыратып, балдарды тарбиялоого байланышкан жерде иштөөсүнө тыюу салууну сунуштап жатышат.

Тажикстан коомунда сексуалдык зомбулукка каршы күрөш былтыр өзгөчө талкууланган. Буга педофилияга айыпталгандардын резонанстуу сот жараяндары себеп болду. Өткөн жылы бул коңшу өлкөдө жашы жете электер кабылган 16 сексуалдык зомбулук фактысы ачыкка чыккан.

2020-жылы декабрда Гиссар шаардык соту жашы жете элек кызды зордуктоого айыпталган кишини беш жылга эркинен ажыратып, бирок дароо мунапыс менен сот залынан бошоткон. Соттун бул чечими социалдык медиада катуу нааразылык жараткан.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Саиджафар Усмонзода мындай кылмыш кылгандарды ата-энелик укуктан ажыратууну талап кылганын айтты.

Саиджафар Усмонзода.
Саиджафар Усмонзода.

"Бул адам балдарын тарбиялоого укугу жок, анткени ал психикалык жактан майып болуп калган адам. Ошондой эле мындай адамдар ата-энелик укуктарынан, жаштарды жана өспүрүмдөрдү тарбиялоого байланыштуу иштерден ажыратылышы керек", - деди Усмонзода.

Ал эми укук коргоочу Гүлчехра Рахмонова Тажикстанда балдар дуушар болуп жаткан сексуалдык зомбулуктун чыныгы деңгээли белгисиз экенин айтат. Рахмонова мунун себептерин мыйзамдын алсыздыгынан эмес, тажик коомунун сексуалдык зомбулук деген эмне экенине жеткиликтүү көңүл бурбаганынан көрөт. Ал айыпталуучуну ата-энелик укуктан соттук отурумда эле ажыратуу туура деп эсептейт.

"Соттор кылмышкерлерди ата-энелик укуктан ажыратууга мурун эле укугу бар болчу. Сөзсүз парламенттин мыйзамга өзгөртүү киргизүүсүн күтүп отурбашы керек. Мындай талап менен сотко кайрылууга болот жана сот андай чечим чыгара алат", - деди адвокат Рахмонова.

Ал арада тажик парламентинин депутаттары ата-энелик укуктан сойкуканалардын ээлерин, өз балдарын же жубайын атайылап сабагандарды да ажыратууну сунуш кылууда.

Бирок адвокат Шокиржон Хакимов Тажикстанда бул сунуш парламентте жактырылган күндө да, мындай ата-энелердин балдарынын тагдырына ким жооптуу болот? деген суроону коёт. Ал балдар үйүнө берилген наристелер тийиштүү билим ала албай, кийин турмушта татыктуу орун таба албай калышы мүмкүн экенине токтолот.

Шокиржон Хакимов.
Шокиржон Хакимов.

"Сот кылмыш ишин карап жатканда күйөөсүнүн же аялынын жакын туугандары баланы багып ала алабы же жокпу, тактап берсе жакшы болот эле. Болбосо алар атайын мекемелерге өткөрүлүп берилет. Ал жакта шарт кандай болору белгисиз. Балдар мындай шартка кандайча көнөт, аларга оң таасирин тийгизеби? Бул суроолорго жооп издөө керек" - деди Хакимов.

Быйыл 11-январда жарандык коом өкүлдөрү президент Эмомали Рахмонго жана парламенттин эки палатасынын төрагаларына кайрылып, Тажикстандагы өспүрүмдөрдү сексуалдык зомбулуктан коргоо чараларын көрүүнү өтүнүшкөн.

Ал эми тажик мыйзамына ылайык, өспүрүмдөрдү зордуктоо үчүн 12 жылдан 25 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралган. Коңшу өлкөдө 2004-жылдан бери өлүм жазасына мораторий киргизилген.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG