Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Казакстан: педофилдерге каршы жаңы жаза


Педофилияга каршы акция. Бишкек.
Педофилияга каршы акция. Бишкек.

Казакстанда педофилдерди химиялык жол менен бычуу мыйзамы кабыл алынып жатат, 250дөн ашуун тажикстандык балдар Сирия менен Иракта террорчулардын катарында жүргөнү аныкталган, Казакстанда чүмбөттөнүп кийинүүгө тыюу салынды.

EurAsia Daily "Казакстанда педофилдерди химиялык жол менен бычуу сунушталды" деп баяндайт. Казакстандын ИИМ өкүлү Асет Оспанов мындай чара бачабаздарга келерки жылдан тарта колдонуларын маалымдаган. Жашы жете элек балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдү химиялык жол менен бычуу абактарда жана саламаттыкты сактоо уюмдарында жүргүзүлмөкчү. Аларга инъекция түрүндө дары сайылып, көзөмөлгө алынат.

Андан тышкары Казакстанда билим берүү уюмдарына окуучуларга карата зомбулукту жашыруу үчүн мыйзам чегинде жоопкерчилик киргизилген. Ошондой эле миңден ашуун казакстандыкка алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө жана маңзат-психотроптук заттарды колдонууга тыюу салынган. Сот чечимин бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылмакчы.

Тажикстан: террорго кошулган өспүрүмгө жаза жок

"Известия" басылмасы Тажикстанда террорчулардын катарына кошулган өспүрүмдөр кылмыш жообуна тартылбайт деп жазды. Тажикстандын баш прокурору Юсуф Рахмон Сирия менен Ирактагы террордук уюмдарга кошулган жашы жетек элек балдарга кылмыш жазасы каралбаганын билдирген. Террорчуларга кошулган башка бардык тажикстандыктарга кылмыш иши козголгондугун маалымдаган баш прокурор, жашы жете элек балдарга башкача чаралар колдонуларын белгилеген. БУУ Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттер токтобогон аймактарда 250дөн ашуун тажикстандык балдар катталганын маалымдаган.

Өзбекстан: окууга өтпөсөң, айылда иште

Fergananews агенттиги Өзбекстандын Ташкент облусунда чоң окуу жайына өтпөй калган абитуриенттер үчүн атайын институт ачылганын жазды.

Чирчик педагогикалык институтунда башка окуу жайларга кабыл алынбаган жаштар окумакчы. Ал жайда мектепке чейин даярдыктын, башталгыч класстардын жана чет тилдер мугалимдери даярдалып, Ташкент облусунун райондоруна жана айылдарына ишке жөнөтүлөт. Быйылкы окуу жылында акы төлөп окуучу институтка 750 адам кабыл алынмакчы. Ал эми Регнум агенттиги Өзбекстанда 1-августта абитуриенттер чоң окуу жайларга экзамен тапшыргандыктан, өлкө боюнча уюлдук байланыш токтотулганын маалымдаган. Мындай чара мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн сынактарда жоопторду Интернеттен жана башка маалымат булактарынан көчүрбөшү үчүн колдонулган. Ага карабай 3 миңге жакын абитуриент тартип бузгандыктан сынактардан чыгарылганы маалымдалган.

Чүмбөткө каршы мыйзам

Росбалт басылмасы Казакстанда чүмбөттөнүп кийинүүгө тыюу салчу мыйзам талкууга алынганын жазды. Дин маселелери жана жарандык коомчулук министри Нурлан Ермекбаев мындай мыйзам коомдук жайда коопсуздукту, этикалык жана улуттук баалуулуктарды сактоого багытталганын билдирген. Чүмбөттөнүп кийинүү адамдын тек-жайын аныктоого жолтоо болушу мүмкүн деген министр, мыйзамды коомчулук сунуштаганын белгилеген. Макалада мыйзам долбоор эксперттер менен коомчулуктун талкуусуна алынганы белгиленет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG