Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:23

Өзбекстанда кайненелер кеңеши түзүлдү


Тажикстанда «чоң курсактуу» тартип сакчылар кызматтан бошотулууда, Өзбекстандын маалелеринде кайненелер кеңеши түзүлүүдө, Түркмөнстанда мыйзамсыз иштеген таксичилерге карата күрөш күчөдү. Орусиялык басылмалардагы Борбордук Азия тууралуу макалаларга сереп.

«Фергана ньюс» агенттиги Өзбекстандын аймактарында кайненелердин кеңештери түзүлүп жатканын жазды. Өзбекстандын 8 миңден ашуун жергиликтүү жамааттарында кайненелер кеңеши пайда болгонун Аялдар комитетинин жетекчиси Гүлнара Маъруфова билдирген. Ал мындай демилгени үй-бүлөдө жагымдуу абалды камсыздоо үчүн улгайган зайыптардын тажрыйбасын колдонуу зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Өзбек айымдары тууралуу Умида Ахмедова тарткан фото сүрөт.
Өзбек айымдары тууралуу Умида Ахмедова тарткан фото сүрөт.

«Үй-бүлөлүк маселелерди көбүнчө кайненелер чечет» деген оюн билдирген мамлекеттик кызматкер акыркы убакта жаш кайненелер келиндери менен кандайча мамиле түзүү керектигин билбейт деп белгилеген. Ташкент, Анжыян облустарынын жана Каракалпакстан автоном республикасынын маалелеринде иштей баштаган кайненелер кеңеши кыз-келиндерди күйөөгө даярдап, үй-бүлөлүк баалуулуктарды үйрөтөт. Жергиликтүү кеңештер кайненелер менен келиндерди бириктирип, «бактылуу үй-бүлө», «үлгүлүү үй-булө» деген сыяктуу чогулуштарды өткөрүп турмакчы.

Тажикстан: Курсагың болсо форма кийбе

EurAsia Daily басылмасы Тажикстанда 20 милиция кызматкери ашыкча салмагы үчүн кызматтан бошотулганын баяндады. Бул тууралуу билдирген Тажикстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) башчысы Рамазон Рахимзод милицияда иштөө үчүн атайын талаптар бар экенин, чың денелик көрсөткүчтөр боюнча бул талаптарга жооп бербегендер жумуштан алынарын эскерткен.

Министрдин буйругунун аткарылышын көзмөлдөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Жүздөн ашуун кызматкерге арыктоо үчүн убакыт берилип, айрымдары жумуштан алынган.

Тажикстандын улуттук полиция күнүндөгү жыйын. 10.11.2014.
Тажикстандын улуттук полиция күнүндөгү жыйын. 10.11.2014.

Тартип сакчыларына 170 сантиметр бойго ээ кызматкердин салмагы 75 килограммдан ашпашы керек деген сыяктуу катуу талаптар коюлган. Макалада эми тартип сакчылары жумасына үч жолу беш километр аралыкка чуркап, спорт залдарында машыга баштаганы баяндалат.

Түркмөнстан: таксичилерге каршы күрөш

EurAsia Daily басылмасы "Ашхабадда уруксатсыз жүргүнчү ташып иштеген айдоочуларга карата күрөш күчөдү" деп жазды. Түркмөнстандын салык кызматы, унаа министрлиги жана жол коопсуздугу кызматы жүргүнчү ташып иштеген жеке айдоочуларга көзөмөлдү күчөткөн. Ашхабадда жеке кирекечтик кылууга уруксаты жок айдоочуларга 115 доллардан 585 долларга чейин айып пул салынып, унаалары токтотулуп, айдоочулук күбөлүктөрү алынып жатканы басылмада баяндалат.

Түркмөнстанда кирекечтик кылууга уруксат кагазын алуу үчүн бир жылга 615 доллар салык төлөө керек. Өлкөдөгү жумушсуздуктан жана расмий уруксат алуунун татаалдыгынан улам жеке айдоочулар мыйзамсыз иштеп жатканы макалада айрыкча белгиленет. Ал эми айдоочулар болсо түркмөн өкмөтү мындай кысым менен жүргүнчүлөрдү мамлекеттик такси кызматтарынын тейлөөсүнөн гана пайдаланууга көндүрүү далалатын жасап жатат деп белгилешкен.

Казакстан латын арибине өтөт

Независимая газета басылмасы казакстандыктар жакынкы болочокто түрк арибин колдонушат деп жазды. Макалада Казакстандын бийлигинин улуттук жазманы латын арибине өткөрүү аракети баяндалат. Казакстандын Билим берүү министри Ерлан Сагадиев жыл аягына чейин казак тилин латин арибине өткөрүү системасы иштелип чыга тургандыгын билдирген.

Адистер бул жазма которуу жүрүмү түрк тилинин латын алфавитинин негизинде жүргүзүлөрүн айтышууда. Саясатчы Досым Сатпаев Советтер Биримдиги менен эч кандай байланышы жок жаңы муун өсүп чыкканын, латын арибин кабыл алуу аларга Батыш чөйрөсүнө тез ыңгайлашып кетүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачарын айткан. Ал латын арибине өтүү казакстандыктарды орусиялык маалымат айдыңынын үстөмдүк кылып жаткан таасиринен чыгууга жардам берерин баса белгилеген.

Президент Н.Назарбаев. 14.12.2012.
Президент Н.Назарбаев. 14.12.2012.

Казак улуттук жазмасын кирил алфавитинен латын арибине 2025-жылга карата кайрадан өткөрүү демилгесин президент Нурсултан Назарбаев өзү жакынкы жылдары көтөрүп чыккан.

Ал эми 1992-жылы түрк тектүү эгемен мамлекеттердин билим берүү министрлери Бишкекте атайын декларация кабыл алып, анда окшош тыбыштарга орток тамгалар берилген атайын жалпы түрк латын жазмасын иштеп чыгуу жана ага бардык түрк тилдүү мамлекеттердин жазмаларын өткөрүү чакырыгы камтылган. Бирок бул чакырык сөз жүзүндө кала берип, кийинчерээк Азербайжан, Түркмөнстан жана Өзбекстан бири-биринен айырмалуу латын жазма варианттарын бекитип алышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG