Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

Басма сөз: Казакстан кара куурай экспорттойт


Таластын Көк-Сай айылындагы кара куурайды оруп, жок кылуу иштери. (архивдеги сүрөт)
Таластын Көк-Сай айылындагы кара куурайды оруп, жок кылуу иштери. (архивдеги сүрөт)

Түркмөнстанда калкка берилчү социалдык жеңилдиктер алынат. Казакстан кара куурайды экспорттоого өтөт. Тажикстандын 100 миңден ашуун мигранты "кара тизмеден" чыгарылды.

EurAsia Daily басылмасы Казакстан Нидерланд, Орусия жана Кытайга кара куурай экспорттоону пландап жатканын жазат. Бул тууралуу өлкөнүн Айыл чарба министрлиги кабарлаган.

Быйыл Алматы облусунда 600 гектар жерге кара куурай эгилген. Өндүрүшкө жооптуу ТОО KazHemp ишканасы 600 тонна түшүм жана 4 миң тонна кара куурайдын өзөгүн алууну пландаган. Кара куурайдын өзөгү Кербулак районунда курулуп жаткан заводдо иштетилип, кийин Орусия менен Кытайга сатылмакчы. Ал эми кара куурайдан чогулган түшүм Нидерландга жөнөтүлөт.

Казакстанда мыйзам боюнча техникалык кара куурай маңзат катары каралары белгиленет. Өлкөдө кара куурай өндүрүшүн баштоону убагында президенттин кызы Дарига Назарбаева сунуштап чыккан.

Түркмөндөр газга акы төлөйбү?

"КоммерсантЪ" басылмасы Түркмөнстанда калкка берилчү социалдык жеңилдиктердин бир катары жокко чыгарыларын баяндайт. Макалада президент Гурбангулы Бердымухаммедов өкмөткө айрым социалдык жеңилдиктерди жокко чыгарууну жүзөгө ашырууну тапшырганы айтылат.

1993-жылдан баштап ар бир түркмөн жараны күнүнө 35 киловатт саат электр кубатын, 50 куб метр газ жана 250 литр сууну акысыз колдонуп келген. Мындай социалдык жеңилдиктерди биринчи түркмөн президенти Сапармурат Ниязов 2030-жылга чейин узартканы кошумчаланат.

Бердымухаммедов өз чечимин калктын жашоо деңгээли оңолгону жана өлкө базар экономикасына өтүп жатканы менен түшүндүргөн. Ал эми Борбор Азия боюнча орусиялык саясат таануучу Аркадий Дубнов мындай кадамдарды түркмөн казынасындагы каатчылык менен байланыштырат.

"Кара тизмеден" чыккан тажик мигранттары

"Регнум" агенттиги 106 миң тажик мигранты Орусиянын "кара тизмесинен" чыгарылганын кабарлады. Тажикстандын Миграция министрлиги Орусияда жүрүү эрежелерин бузганы үчүн үч жылга чейин Орусияга кирүүгө тыюу салынган 106 миң тажик мигрантына мунапыс алынганын маалымдаган. Жалпысынан 151 миң тажик мигрантына Орусияга кирүүгө бөгөт коюлган. Алардын 12 миңден ашууну жасалма документтер менен жүргөнү үчүн 10 жылга чейин депортацияланган.

Ал эми дээрлик 5 миң тажик мигрантында ВИЧ, туберкулёз, гепатит сыяктуу инфекциялык оорулар табылгандыктан, алар Орусиядан биротоло чыгарылган. Тажик мигранттарына мунапыс быйыл март-апрель айларында жарыяланган.

Орусия Кыргызстанда ок чыгаргысы келет

"Российская газета" Орусия Кыргызстанда аскердик курал-жарак чыгарууга кызыкдар экенин жазды. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Бишкекте өткөн жыйынында Орусиянын аскерий өндүрүшүн жайгаштырууга база боло алчу Кыргызстандагы ишканалар менен сүйлөшүүлөр болуп жатканы маалымдалган. Бул маселе боюнча кыргыз-орус тараптан атайын жумушчу топ түзүлгөн.

Совет маалында суу астында колдонуучу техникалык жабдыктарды чыгарчу азыркы «Дастан» акционердик коому, ошондой эле ок-дарыларды чыгарган «Бишкек штамп заводу» мамлекеттик мекемеси менен байланыштуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы макалада баяндалат.

Кыргыз өкмөтү өлкөдө аскердик өндүрүш жанданса, анда жаңы жумуш орундары түзүлөт деген үмүттө экендиги дагы кошумчаланат. Макалада совет маалында Кыргызстанда аскердик курал-жарак чыгарган ири ишканалар болгону, алардын көбү азыр жеке менчикке өтүп, кыйласы ишин токтоткону белгиленет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG