Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 14:20

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (17-24-июль).

Кытайда калыңдын кымбаттыгын мындан билиңиз, мисалы шанхайлык жигит үйлөнөм десе, колуктусу үчүн кайын журтуна орточо 147 миң доллар калың төлөшү керек. Өлкөдөгү демографиялык теңсиздиктен улам кытайлык эркектер акыркы мезгилде чет элден аял издөөгө мажбур болуп жатканын баяндайт The Diplomat журналы. Айрыкча чыгыш европалык бийкечтерге үйлөнгөн кытайлар көбөйдү. Бээжиндик келинчеги менен ажырашып кеткен сүрөтчү Юан Шанкай Чыгыш Европага сүйүү издеп жөнөгөнүн, ал жактагы аялдар эркектин капчыгына эмес, камкор күйөө болуп бергенине көңүл бурарын айтат. Ал азыр украиналык аял менен жолугушуп жүрөт: "Досторумдун көбү Чыгыш Европага турмуш куруу үчүн эле келе башташты", - дейт ал. Ошол эле мезгилде Кытайга чектеш өлкөлөрдөн кыздарды соодалоо деген көмүскө базар да бар. Чөнтөгүндө пулу бар Кытай эркектери Европадан аял издесе, жакырлар колуктуну Түштүк Чыгыш Азиядагы кедей өлкөлөрдөн буйрутма менен алдырышууда. "АКШнын Мамлекеттик департаментинин акыркы отчетунда Кытай адам соодасы боюнча башкалардан алдыда экени белгиленген. Колуктунун ата-энесине берилчү калың да барган сайын кымбаттап жатат. Маселен Гуйцоу провинциясында 4 жыл мурда калыңдын орточо баасы 13 миң доллар болсо, быйыл 30 миңге чыкты. Ушундан улам Вьетнам, Лаос, Камбоджа сыяктуу коңшу өлкөлөрдүн кыздары Кытайга уурдалган учурлар арбын. Кытайлык жигит Вьетнам, Лаос, Камбоджа сыяктуу коңшу өлкөлөрдөн алынып келген кыздарга баш кошсо, 3200 доллар төлөйт. Былтыр Цюжоу провинциясында 12 жаштагы кош бойлуу вьетнамдык кыз катталган. Аны 35 жаштагы кытай жараны 4 400 долларга сатып алганы да аныкталган. Мындай мисалдар барган сайын көбөйүүдө. Эгерде Кытай бийлиги адам соодасына каршы күрөш ачпаса, анда өлкөдө кылмыштуулук кескин көбөйөт" деп белгилейт The Diplomat.

Орус экономикасы өргө жылууда

Forbes басылмасына талдоочу Кеннет Рапозанын Орусиянын экономикасына байланыштуу аналитикалык макаласы чыкты. "Орусиядагы коомчулуктун пикирин сурамжылоочу уюмдун маалыматына караганда, атуулдардын 45 пайызы дагы оор жылдар алдыда деген пессимисттик ойдо. Ал арада экономиканын өсүш темпи 3 пайыздан жогору деп белгиленди", - деген журналист орусиялыктарды азык-түлүктүн кымбаттоосу эң көп түйшөлтөрүн кошумчалайт. Ошондой эле Сирия менен Украинадагы акыбалдан чочулагандар 20 пайызды түздү. Саясаттан мурун жумушсуздук, жетиштүү каражат таба албай чочулагандар көпчүлүктү түзөт. Июнь айында Орусиянын өндүрүш тармагындагы өсүш 3,5 процентке айланды. Кен казуу 5 пайызга көтөрүлдү. Европага табигый газды экспорттоо буга жакшы шарт болду. АКШдан айырмаланып, Орусиянын тышкы карызы өтө эле аз. Былтыр бул сумма 519 миллиард доллар болсо, 2017-жылдын алгачкы жарымында мунайдын баасы 40-45 доллар болгондон улам, карыздын көлөмү 497 миллиард доллар деп белгиленди. Ошондой эле бул өлкөнүн валюта резервдеринде 2018-жылга 378 миллиард доллар топтолот деп кабарлайт Forbes.

Дүйнөнү өзгөртчү миллиарддык долбоорлор

Германияда чыккан De Welt гезити дүйнөдө курулуучу жаңы жолдор, ири долбоорлор тууралуу баяндама жарыялады. Журналист Тобиас Кайзер алгач эле макаласында Индонезиянын борбору Жакартаны мисал келтирет. Азыркы тапта бул шаарда океандын улам жакындаган суусунан тосуп туруучу "Giant See Wall" аттуу 32 чакырымдык дамба курулууда. Буга 50 миллиард доллар каражат жумшалат. McKincey аттуу консалтинг компаниясы жакынкы жылдары дүйнө инфраструктурасы үчүн 2,5 триллион доллар салынарын билдирди. 2030-жылга чейин жердеги мамлекеттер жашоо шартты жакшыртууга жылына 6,3 триллион доллар сарптап калат. Британия, Франция сыяктуу бай өлкөлөрдөгү чоң көпүрөлөр, аэропорт, канализация системалары өткөн кылымда салынгандыктан, жакында жарактан чыгат. Аларды да жаңылоо талап кылынат. АКШда эле U.S. Engeneering компаниясынын эсептөөсү боюнча, жакынкы 8 жылда инфраструктураны жакшыртууга 4,5 триллион доллардай акча бөлүнөт. Климаттык өзгөрүүлөр, глобалдык энергия издөө тармагына каражат көп которулуп, немис компаниялары үчүн пайдалуу жагдай түзүлөт. Азыркы тапта 300 миллион индиялык атуул электр энергиясы жок жашап жатышат. Ушундан улам Германиянын чакан фирмалары Индиядан киреше таба алат деп жазат De Welt.

75 жыл мурда тоңуп өлгөн жубайлар табылды

The Telegraph гезити 75 жыл мурда Альпыдагы мөңгүдө тоңуп өлгөн швециялык Марселин жана Франсин Дюмолин аттуу жубайлардын сөөгү табылганын кабарлады. Маркумдар Альпы тоолоруна 1942-жылдын 15-августунда уй сааганы чыгып, катуу бороондон улам кайтып келе албай калышкан. Алардын артында чиедей жети баласы жетим калган. Валейс кантонундагы мөңгү акыркы жылдары абдан тез эригендиктен, полиция сөөктөрдү деңиз деңгээлинен 2 615 метр бийиктиктен тапты. Алардын денеси таптакыр бузулбай, ал тургай жоголгон күнү кийип чыккан кийимдери да сакталып калган. Өтүкчү Марселлин каза болгондо 40 жашта, мугалим аялы Францин болсо 37 жашта эле. Алардын артында беш уулу жана эки кызы жетим калган. ​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG