Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:28

Бүдөмүк кылмыш, бүлүнгөн турмуш


Иллюстрациялык сүрөт.

"Жети жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган" деп айыпталып, 20 жылга абакка кесилген айыпкердин жакындары "Азаттыкка" кайрылып, соттун чечимине нааразылыгын билдирип жатышат.

Алар "тергөө туура эмес жүрдү, жасабаган кылмыш үчүн катуу жаза берилип калды" деп эсептешет.

ИИМ болсо секелекти зордуктоо фактылары боюнча тергөөнү туура эмес жүргүзүү мүмкүн эмес экенин белгилеп жатат.

Бишкектин Свердлов райондук соту 26 жаштагы Мурат Эрмек уулун "жети жаштагы секелекти зордуктоого аракет кылган" деп ушул жылдын 26-мартында 20 жылга эркинен ажыраткан. 22-июнда шаардык сот ушул эле өкүмдү күчүндө калтырган.

Тергөөнүн материалдарына караганда, Мурат Эрмек уулу былтыр октябрь айында таңкы саат алты жарымдарда Бишкекте жашаган Тумар Ашыралиеванын үйүнө кирип барып, уктап жаткан жети жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган, секелек ыйлап кыйкырганда тумчуктурган. Жанында жаткан бир тууган агасы кыздын "апалап" кыйкырганынан ойгонуп, жарыкты күйгүзгөн. Ошол маалда Эрмек уулу шымын шаша-буша кийип качып жөнөгөнү белгиленген. Артынан кууп жөнөгөн агасы аны жакын жерден эле кармап, милицияга арыз жазышкан.

Соттолуучу окуя болгон учурда мас экени айтылат. Эрмек уулу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, көрсөтмө берген учурда достору менен ичип отуруп, агасынын үйүнө барам деп адашып чоочун адамдын үйүнө кирип алганын айткан. Ишти Свердлов райондук милициянын тергөөчүсү Зарина Асанова тергеген.

Бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, "кыздын денесинде жараат табылган жок, кыз белгиси бар" деген тыянагын чыгарган. Ушундан кийин жабыркоочу тарап "дообуз жок, Эрмек уулунун камалып кетишине каршыбыз" деп тосмо арыз жазып беришкен.

Коомдук жактоочу Дайырбек Эрдешовдун айтымында, кылмыш кылбаганына жана тосмо арыз жазылып берилгенине карабай сот катаал өкүм чыгарган:

Укук коргоочу Дайырбек Эрдешов.
Укук коргоочу Дайырбек Эрдешов.

- Свердлов райондук соту бул жерде акыйкатсыз чечим чыгарып койгон. Ошону менен бирге Зарина Асанова бир тараптуу тергеп коюп, бүгүнкү күндө Мураттын укугу бузулуп жатат. Ишти бир айдан ашуун убактан бери карап жатам. Буга чейин адвокаттар алмашып, өкмөттүн да адвокаты болгон экен. Бул баланы туулган айылы Тогуз-Тородон да сураштырып көрдүк. Мурда соттолгон эмес. Москвада иштеп келип ушинтип кырсыкка кабылып жатат.

Мурат Эрмек уулунун бир тууган агасы Элдияр Курманбаев инисинин мындай кылмышка барарына ишенбейт. Ал зордуктоо фактысы болбогонун айтып, иниси чоочун үйгө кирип барганы үчүн жазасын жеңилдетип берүүнү тиешелүү органдардан өтүнүп жатат. Ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмышты мойнуна алдырыш үчүн инисин кыйнашканын айтууда:

Соттолуучунун агасы Элдияр Курманбаев.
Соттолуучунун агасы Элдияр Курманбаев.

- "Байке, сиздин үйүңүзгө барам деп адашып ошол үйгө кирип алыптырмын" дейт. Инимдин айтуусу боюнча, ыкчам кызматкерлер бир бөлмөгө камап алып, сабап мойнуна алдырган. Кагазга кол койдурган. Башында тергөөчү Зарина Асанова алып келген кагаз орус тилинде жазылган экен. Иним орусча түшүнбөсө... "Мас болуп эле түшпөдүңбү, кармалбай эле чыгасың, кол койсоң эле" десе кол коюп бериптир. Кыз уктап жатканда колу-бутун басып алган окшойт. Ошондо кыз ойгонуп кеткен, ошондо анын агасы жарыкты күйгүзгөн. Менин иним "кечирип кой, менин да сендей карындашым бар" деп мойнунан сылаган экен. Тергөөдө анын баары тескери жазылып, "тумчуктурган" деп жазып коюшкан. Иним бир жылдан бери ал жерде жарым жан болуп жатат. Аны атам кичине баладай кылып сүт берип, күчүк союп берип бакчу. Аны башында "кургак учук" деп айтышкан. Эми 20 жыл жатса эмне болот... Жолугушууга деле мүмкүн болбой жатат, сотто гана көрөбүз.

Жети жашар кыздын энеси Тумар Ашыралиева, анын окуяга күбө болгон баласы Бишкек шаардык сотунун отурумунда көрсөтмөсүн өзгөртүп, Мурат Эрмек уулунун камалып кетишине каршы экенин, кылмышына жараша жаза берүүнү өтүнүшкөн. "Бул сотто эске алынган жок" дейт Ашыралиева.

- Зарина Асанова балам менен кызыма "ушундай деп жазабыз" деп үйрөткөн экен. Муну алар сотто да айтып беришти, бир эмес, эки жолу. Мен тосмо арызды тергөөчүгө да, сотко да жазып бердим. "Балам менен кызыма залалы тийбегенден кийин ал балага доом жок" деп жазгам. Ал деле менин балам менен эле тең экен, ак жеринен эле күйүп кетишин каалабайм. Толук актабаса да өз аракетине жараша жаза алсын деп ойлойм. Эки үй чын эле окшош экен, кийин өзүм да барып көрүп келдим. "Сизге акча берип койгон, ошон үчүн коргоп жатасыз" деп да айтышты. Мен кызыма тийип, андай иш кылган болсо такыр баспайт болчумун. Бул жерде адамдын тагдыры жөнүндө сөз болуп жатпайбы?

Жабырлануучу тарап да, соттолгондордун туугандары да тергөө жүрүп жаткан учурда акча сунуш кылган учурлар болгонун, бирок "акча бербегени үчүн соттолду" деп прокуратурага жазган арызы каралбай калганын белгилеп жатышат. Аты аталган тергөөчү Зарина Асанова менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов секелекти зордуктоо же ага аракет кылуу фактыларында тосмо арыз эске алынбай турганын билдирди. Ал "тергөө туура эмес" деген сөздү четке какты:

Бакыт Сеитов.
Бакыт Сеитов.

- Өспүрүмдөргө каршы жасалган кылмыштар болсо тосмо арыздарга карабай териштириш керек. Андай болгон учурда деле акыркы сөздү сот чечет, тергөөчү чече албайт. Тергөө деген экөөнүн тыянагын алып келип, ошонун негизинде сотко алып келет да. Эгер тергөө туура эмес болсо, анда сот ал материалды кабыл албайт. Сотко чейин иш менен прокуратура таанышат. Ал тургай азыр балдарга, өспүрүмдөргө кол көтөрүп, зордуктоого аракет кылганы үчүн дагы катуу жазалаш керек. Аларга жеңилдик болбошу керек.

Сот бул өкүм туурасында комментарий берген жок. Мурат Эрмек уулунун жактоочулары буга чейинки соттун өкүмдөрүнө каршы экенин билдирип, жазаны жеңилдетүү өтүнүчү менен Жогорку сотко арызданышты. Иш качан каралары айтыла элек.

"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова "адатта мындай окуяларда сот, укук коргоо органдары туура мамиле кылууну билбейт" деп сындады.

Бүбүсара Рыскулова.
Бүбүсара Рыскулова.

​- Азыр баарыбыз эле "балдарды зордуктаса атууга чейин кетиш керек" деп жатпайлыбы. Эгер кылмыш тастыкталган болсо, бул туура. Мындай кылмышта арызды кайтарып алам, эки тарап келишип алуу деген болбойт, ал эске алынбайт. Азыр резонанстуу иштер көп болуп жатат. "Алты жаштагы, 10 жаштагы кызды зордуктады" деп, биздин элибиз эмне болуп жатканы белгисиз. Эгер жөн эле ичип алып, өзү айткандай адашып кирип алып ушундай окуяга кабылып жатса - бул трагедия. Жигиттер муну да эске алыш керек, ичип алып кандай жагдайга кабылып жатышканын. Эми Жогорку сот буга жакшылап көңүл бурушу керек. Мас болуп бирөөнүн үйүнө кирип барган деле туура эмес. Эгер зордуктоого аракет болгон учурда да бизде "кыз белгиси сакталып калган" дешет. Бирок ушундай аракет кылган болсо да туура эмес. Мындай учурда тергөө жакшы болушу керек. Биздин тажрыйбада тергөөдө көп нерсе кетип жатат.

Расмий маалыматтар боюнча балдарга жыныстык зомбулук көрсөткөн учурлар көбөйүп жатат. 2016-жылы балдарга каршы 400дөй кылмыш катталса, анын 30дан ашууну жыныстык мүнөздө болгон. 2017-жылы жарым жылда эле 400дөн ашык кылмыш катталып, анын 50дөн ашыгы жыныстык мүнөздө деп табылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG