Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 12:43

Өкмөттүк эмес уюмдардын 2017-жылы чыгарган изилдөөсү боюнча, Кыргызстанда милиция кармаган учурда жана убактылуу кармоо жайларында ар бир үчүнчү адам кыйноого дуушар болот.

БУУнун чечими менен 1997-жылдан бери 26-июнь Кыйноого каршы эл аралык күн катары белгиленип жүрөт. Бул датаны утурлай "Кыйноого каршы коалиция" өкмөттүк эмес уюмунун укук коргоочусу Асел Койлубаева Кыргызстандагы кыйноого каршы иш-аракеттер боюнча кеп салып берди.

"Азаттык": Укук коргоочулар "бул тармакта маселе көп, кыйноо азайбай келет" деп жатышат. Кыйноого каршы иш-аракетте жылыш барбы?

Койлубаева: Кыргызстан 1998-жылы Кыйноого каршы конвенцияга кошулуп, БУУнун алдында милдеттенме алган. Анда бери жакшы жышаандар бар. Бирок өкмөт, парламент тарабынан натыйжалуу көзөмөл жок болуп жатат. Андыктан күч органдарында кармалган жарандарды кыйноо уланып келатат. Анткени кыйноого кабылган жарандардын иштери аягына чыкпай жатат. Ушул күнгө чейин 3-4 соттун өкүмү бар, эки милиция гана жазасын алды. Калганында болсо тергөө жылдап уланып, андан өтсө сот иштери жылдап созулат. Ал эми адамдар кыйноого кабылып эле келатат.

"Азаттык": Өзүңүз айткандай 2003-жылдан бери "Кыйноо" беренеси менен сот үч иш боюнча гана өкүм чыгарган экен. Ушул маселеде бийликтин жогорку бутактары көңүлкош мамиле кылып жаткандай...

Асел Койлубаева.
Асел Койлубаева.

Койлубаева: Чоң пландар иштелип чыккан. Бирок ал пландар кабыл алынбай жатат. Демек, кыйноо менен чындап күрөшпөй, кожо көрсүн мамиле кылып атышат. Муну көргөн күч органдары кыйноону улантып жатышпайбы.

Экинчи жагы - соттордо маселе бар. Тергөө органдары ишти чала-була иликтеп, шектүүнү уруп-согуп эле сотко жеткиришет. Соттор адамдын кыйноого кабылганын эске албай эле, кайдыгер мамиле менен соттоп жиберишет. Үчүнчүдөн, УКМК менен прокуратура кыйноо жөнүндө 10 арыздын бир арызы боюнча кылмыш ишин козгоп, иштеп аткандай түр көрсөтөт.

"Азаттык": Сөзүңүздү улай, акыркы алты жыл ичинде 1805 арыз түшсө, анын 1664үнө кылмыш иши козголгон эмес. Деги эле жылына канча адам кыйноого кабылат? Изилдөө барбы?

Койлубаева: Кыйноого кабылып, билинип калгандан кийин бизге кайрылышат. Алардын саны жылына 150 киши болот. Ал эми прокуратурага 400 адам кыйноо фактысы боюнча арыз жазат. Бирок бул абдан аз. Биз "жыл сайын 3000 адам кыйноого түшөт" деп изилдөө чыгарганбыз. Ал эми кайрылгандар аз, анткени алар калыстык болооруна ишенишпейт.

"Азаттык": Кыйноону көбүнчө милиция кызматкери колдонот экен. Мына, жаңы бийлик келди, президент "жөнөкөй жарандардын арызын кароосуз калтырбаш керек" деди. Алдыдагы жылдарга үмүт барбы? Кыйноо азаябы?

Койлубаева: Милицияда реформа жүрбөй атпайбы. Бир эле мисал - милицияда кылмыштуулук боюнча план толтуруш керек. Кылмыштын бетин ачыш керек. Ошондуктан милиция кыйноо менен алектенип жатат. Ушуну сандан сапатка өткөрүш керек эле да? Эми күч кызматтарына жаңы адамдар келди. Бүгүн биз аларга дагы бир жолу кайрылабыз. Бул маселени чечүүгө киришели. Жүздөгөн адамдардын көз жашын ким ойлойт, алардын тебеленген укуктарын ким коргойт? Мамлекет биринчи кезекте жарандардын укугун коргош керек эле...

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG