Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:14

Таш боор милиционерлер жазалана баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку сот Жалал-Абадда “кыйноо колдонду” деп айыпталган үч милиция кызматкерине карата чыккан сот өкүмүн күчүндө калтырды. Ушундай эле айып менен өткөн айда Бишкекте да беш милиционердин өкүмү өзгөрүүсүз калтырылган.

Жалал-Абад облусунун тургуну Бураба Айтиева беш баланын энеси. Көп жылдан бери кант диабети менен ооруйт. Балдарын жалгыз өзү багып чоңойткон. Эки жыл мурда 21 жаштагы баласы Анарбек уулу Эсенбекти милиция кызматкерлери “уурулук кылды” деген шек менен кармап кетишкен. Ошол окуяны ал бүгүн мындайча эскерүүдө:

- Аны кабинеттен кабинетке спорттук кийиминдеги жип менен моюнунан сүйрөшүптүр. Ушунчалык жаман абалда экен. Ден соолугу начарлады. Башы жарылган, жаактары, муруну карайып калган. Мен аны эртең менен облустук прокуратурага алып жөнөдүм. Экспертизадан өткөрдүм. Эки жарым жылдан бери балам экөөбүз ар жактарда каңгып жүрдүк.

Бураба Айтиева уулу кыйноого кабылган соң күнөөнү моюнуна алууга аргасыз болгонун, кийин ал кайра уурулук кылбаганын, түшүнүк катты милициянын басымы менен жазганын айтканына карабастан эки жылга соттолгонун билдирди.

Уулун коргогон эне милиция кызматкерлерин жазага тарттыруу аракетин көрүп, бул үчүн өз алдынча адвокат да жалдап, аларга алданып калган жайы бар. Акыры анын үнүн Жалал-Абаддагы “Справедливость” укук коргоо уюму угуп, алардын жардамы менен 5-мартта Жогорку соттогу процессти утуп чыкты.

Жогорку сот облустук соттун Таш-Көмүр шаардык милициясынын “кыйноо колдонду” деп айыпталган үч кызматкерине карата чыгарган өкүмүн күчүндө калтырды.

Анарбек уулунун адвокаты Жалал-Абаддагы “Справедливость” укук коргоо уюмунун юристи Нурислам Райимжановдун айтымында, милиционерлер аны дээрлик 10 саат кыйнаганы тууралуу бардык далилдер чогултулуп, 2017-жылдын декабрында Жалал-Абад облустук соту үчөөнү тең сегиз жылдан эркинен ажыраткан, сот залынан камакка алган. Бирок милиционердин адвокаты Жогорку сотко кайрылып, аларды актоону суранган.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Адвокат Нурислам Райимжанов Жогорку соттун облустук инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган чечимин жеңиш катары баалап, “сот реформасы акырындап болсо да үзүрүн бере баштады” деген пикирин айтты.

- Ишти кайра кароого жөнөтүп, убакыт өтүп кеткендиктен күнөөлүүлөр жазадан кутулуп кеткен учурлар көп эле болот. Ал эми бүгүн Жогорку сот биздин далилдерге ынанып, айыптуулардын жазасын күчүндө калтырганына кубанып, аз болсо да сот реформасы үзүрүн берип жатканы катары кабыл алдык.

Адамды кыйнап, күнөөнү моюнуна алдырганы сотто далилденген милиционерлер Автандил Болотов, Элзар Ибраимов жана Шекербек Ажибеков сегиз жылдык жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөгө милдеттендирилди. Алардын адвокаты Алмаз Ниязов комментарий берүүдөн баш тартты.

Кылмыш кодексинин 305-1-беренеси ("Кыйноо") боюнча өткөн айда Бишкекте да беш милиционердин өкүмүн Жогорку сот күчүндө калтырган.

“Кылым шамы” борбору Кыргызстандагы эң тажрыйбалуу укук коргоо уюмдарынын бири. Ал жабык жайларда кордолгон, кыйноого кабылгандардын укугун коргоп иштейт. Борбордун жетекчиси Азиза Абдирасулова кыйноо колдонгондор жазага тартыла баштаганы туура көрүнүш экенин, бирок мындай учурлар өтө эле аз болуп жатканын айтууда:

- Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Адам укуктары боюнча Кеңеш 664 сунуш жөнөткөн Кыргызстанга. Анын 300дөн ашууну кыйноолорду токтотуу тууралуу. Бул жерде эл аралык уюмдардын сунуштары, сын пикирлери таасир тийгизип жатат. Адвокаттар, бизге окшогон укук коргоочулар иштеп жатышат. Ошолордун жыйынтыгы болууда, бирок бул аз. Биз буга канааттанып калбашыбыз керек. Милиция 100 адамды токмоктоп, ошонун бирөө боюнча гана жазага тартылса, буга канааттанбашыбыз керек. Кыйноону таптакыр токтотуу зарыл. Эч кимди эч ким урбашы керек.

Кыргызстанда кыйноо боюнча арыздардын 90% милиция кызматкерлерине каршы жазылат. Ички иштер министрлиги бул багытта кызматкерлер менен такай иш жүргүзүлүп турарын, өз ишине кыянат мамиле кылгандар кызматтан четтетилерин белгилеп жүрөт.

Жабык жайлардагы кыйноо Кыргызстандагы адам укуктары боюнча негизги мүшкүлдөрдүн бири. 2016-жылы Башкы прокуратурага мындай фактыларга байланыштуу 435 арыз-даттануу келип түшкөн, анын 35ине иш козголуп, сотко өткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG