Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:47

Бишкектин Биринчи май райондук соту сегиз жаштагы баланы зордуктады деп соттолгон жарандын кылмышын жеңилдетип, беш жыл жатак абакка кести.

Мамлекеттик айыптоочу аны 20 жыл күчөтүлгөн тартипте жазасын өтөсүн деп сураган. Балдар укугун коргоочулар зордуктоого шектелип камалгандар ар кандай себептер менен мөөнөтүнөн мурда чыгып, жазасыз калган учурлар арбын экенин белгилеп жатышат. Алар коомчулуктун кайдыгерлиги кылмыштардын азайбай жатканына себеп болуп жатканын белгилеп келишет.

2015-жылы Бишкектеги "Дар" аттуу жеке менчик билим берүү борборунда иштеген Владимир Заболотный сегиз жаштагы баланы зордуктоого айыпталып кармалган.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) негизинде кылмыш ишин козгогон. Аны Биринчи май райондук соту күнөөлүү деп таап, 20 жылга күчөтүлгөн тартипте абакка кескен. Шаардык сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Бирок анын адвокаты Арман Кыйгырова убагында Заболотныйды кылмышты мойнуна алдыруу үчүн кыйноого алышканын айткандан кийин Жогорку Сот кылмыш иш соттун башка түзүмүндө кайра каралсын деп райондук сотко жиберген болчу.

Эне издеген чындык, кодуланган секелектер

Ноокатта зордуктоо аракетине кабылган 11 жаштагы секелектин үй-бүлөсү шектүүнүн жакындары кодулап, айылдан кетүүгө мажбур болгонун айтууда.

17-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Владимир Заболотныйдын ишин жеңилдетип беш жылга жатак абакка кести. Ошентип 130-беренени 133-беренеге (ыплас иштерди жасаган) алмаштырган өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу Арман Кыйгырова "Азаттыкка" билдирди.

- Буга чейин эки инстанцияда өкүм чыгып, 20 жылга соттолгон. Күнөөсүз, далилдер жок, баланын апасынын жалган көрсөтмөсү менен соттолгон. Анда башка адвокат болчу. Кийин бул иш Жогорку Сотко барганда Заболотныйдын апасы ыйлап Акыйкатчы институтуна кайрылат. Алар менин телефонумду берген. Биз Жогорку Сотко мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгарып, кайра кароону талап кылганбыз. Анткени биринчисинде сот караган да эмес, кыйноого кабылганын эсепке алган эмес. Биздин колубузда Стамбул протоколу боюнча экспертизанын жыйынтыгы бар. 17-июлда Биринчи май райондук соту аны беш жылга жатак абакка кести. Биздин оюбузча ал толук акталышы керек эле.

Анткен менен зордуктоого кабылды делген жеткинчектин жакындары менен адвокаты соттун бул өкүмүнө каршы болушууда. Жактоочу Наталья Ефименко шаардык сотко арызданууга камынып жатканын белгиледи:

- Айыпталып жаткан адамды кыйнаганбы, жокпу билбейм. Бирок биз жогорку инстанцияга кайрылабыз. Энеси жалган маалымат берип күбө болгон деп туура эмес айтып жатышат. Сиз кичинекей бала жалган айтып жатат деп ойлойсузбу? Бала даана айтып жатат, колубузда психологдун психологиялык экспертизасы бар. Анда баланын жалган айтпаганын жана фантазия кылбаганын айткан бүтүмү бар. Апасы да баласы эмне деп айтканын, "Дар" деген балдар борборунда эмне болгонун айтып жатат. Биз бул ишти токтотпойбуз.

Кылмышка шектүү киши балдардын "Дар" борборунда төрт жылдай иштеген. Мекеменин директору Светлана Копытко чындык ким тарапта экенин билбей турганын "Азаттыкка" курган маегинде айтты.

- Мугалим катары абдан мыкты болчу. Муну баары айтышат. Ал эми кылмышка келгенде биз дале ишене албайбыз. Бирок апасы мугалимдин кылмыш кылганына толук ишенип жатканы көрүнүп турган. Анткени ошол күнү ал ыйлап келген. Биз чындык кайсы тарапта экенин билбейбиз.

Укук коргоочулар балдарга өкүмзордук жасап, сексуалдык зомбулук кылууга аракет кылгандарга жазаны каттаалдатууга көптөн бери аракет кылып келет. Ушундай шартта Биринчи май райондук соттун судьясы Айбек Эрнис уулунун мындай чечими укук коргоочулардын сынына кабылды.

"Балдар укугун коргоочулар лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова ата-энелер, сот, тартип коргоо органдарындагы, жалпы коомчулуктун балдардын тагдырына кайдыгер карап жатканына кейиди:

- Кээде балдар туугандары же ата-энесинен да зордук-зомбулукка учураган окуялар болот. Андан тышкары туугандары арызды алып коюу үчүн пара алып коюшат. Аларга социалдык кызматкер, юрист, укук коргоочулардын көзөмөлү болушу керек. Далилдер жетиштүү болгондо гана арызды алып койгон же соттун туура эмес чечимдери болбойт. Экинчиден, жер-жерлерде балдардын укугун коргой турган борборлорду ачмайынча кылмыш иши ачылса дагы балдар моралдык, физикалык жактан алсыз, кичине болгон үчүн, өзү өзү коргой албаган үчүн жакындарынан деле ар дайыма колдоо ала албайт. Кээде туугандары балага каршы иштерди көрсөтүшөт.

Расмий маалыматтар боюнча, былтыр 2016-жылдын алты ай ичинде балдарга карата жасалган 400дөй кылмыш иши катталса, анын 30дан ашыгы сексуалдык мүнөздө болгон. Быйыл жарым жылда да 400дөн ашык кылмыш катталса, анын 50дөн ашыгы сексуалдык экени аныкталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG