Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Текебаев: Бийлик демократиялык шайлоо уюштурууга милдеттүү


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев азыркы бийлик алдыдагы парламенттик шайлоону ачык жана калыс өткөрүүгө милдеттүү экенин билдирди.

Бул тууралуу саясатчы “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” берүүсүнө катышканда айтты.

“Биз бир жылдан бери кризистебиз. Биз алты кризисти санап жүрөбүз, ушул шайлоо оор кырдаалдан чыгып кетүүнүн мүмкүнчүлүгү. Эгер шайлоону адилеттүү уюштура алсак, элдин оюн айткан, мейли бийликти колдобосо дагы өз позициясы менен багытын колдогон оппозиция келбесе, тең салмактуулук болбойт. Кайык бир калагын жоготуп алгандай бир жакты көздөй оойт. Бул шайлоого чоң маани беришибиз керек. Чыныгы демократиялык шайлоону уюштурууга аракет кылыш керек”.

Буга чейин "Ата Мекен", "Реформа" партиялары биригип, "Эгемен" аттуу коалиция түзгөнүн жарыялашкан. Кийин ага "Туран", "Ак калпак", "Эгемен Кыргызстан" партиялары, "Каныкей" коомдук кыймылы кошулганы белгилүү болгон.

"Ата Мекен" партиясы 2020-жылкы парламенттик шайлоого "Жаңы Дем" деген платформанын астында барган. Ал шайлоодо партия 80 279 (4,10%) добуш алган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Бир мандаттуу аймактардан талапкер болууга арыз бергендер 230га жеткени кабарланды.

Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан.(BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG