Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:10

Косовонун түндүгүндөгү кагылышта бир нече адам жараат алды


Косовонун түндүк аймагындагы коопсуздук кызматкерлери, 13-октябрь 2021-жыл.
Косовонун түндүк аймагындагы коопсуздук кызматкерлери, 13-октябрь 2021-жыл.

Косовонун түндүгүндө полициянын аткезчиликке каршы операциясы косоволук сербдердин нааразылык акциясы менен коштолду. Бул акция тартип коргоо кызматкерлери менен кагылышууга жол ачып, андан алты полиция офицери жана онго жакын жергиликтүү тургун жараат алды. Полиция 8 кишини кармаганы белгилүү болду. Күч органдары чогулгандарды көздөн жаш чыгаруучу газ менен таратты.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел Белград жана Приштина менен байланышта экенин билдирип, Косовонун түндүгүндөгү кырдаалды жөнгө салууга чакырды. Сербия НАТО сыяктуу эл аралык уюмдарды аймактагы башаламандыктын алдын алууга жардамдашууга үндөдү.

Косовонун полициясы 13-октябрда Приштина, Пежа, Түштүк Митровица шаарларында жана көбүнесе этникалык сербдер жашаган Түндүк Митровица калаасында аткезчи деп мүнөздөлгөн топторго каршы рейд өткөргөн.

"Калган бардык аймактарда полициянын операциясы шайма-шай өттү. Бирок Түндүк Митровицада уюшкан кылмыштуу топтор чогулуп, жолду түрдүү транспорт каражаттары менен бууп, бажы жана полиция кызматкерлерине чабуул коюу үчүн газ цилиндрлерин, нес кылуучу бомбаларды колдонду", - деп айтылат Косово полициясынын расмий билдирүүсүндө.

Шаршембидеги окуя Сербия менен Косовонун ортосундагы жаңы чыңалууга жол ачып койду. Буга чейин расмий Приштина Косовонун аймагына кирген сербиялык автоунаалардын айдоочуларын убактылуу номер алууга милдеттендирген. Мындай чечим Белградда катуу сынга кабылган болчу.

Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлдү 1999-жылы жоготкон. Косово болсо Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110 мамлекети тааныды. Ал эми Сербия мурдагы провинциясынын эгемендигин тааныбай, Косовону Конституцияга ылайык өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG