Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:54

Ташиев: Уюшкан кылмыштуу топтор баш көтөрө албайт


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев.

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин жаңы курамы бекиди. Жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өлкөдө уюшкан кылмыштуу топторго катуу көзөмөл жүрүп жатканын айтты.

“Кылмыштуулук боюнча акыбал бир жыл мурда кандай эле, жакшы билесиздер. Бир жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтор мамлекетти бүт ороп алган эле. Түштүктө өзүнчө мафиясы бар, түндүктө өзүнчө бар болчу. Керек болсо мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга, мамлекеттик ишканаларга кол сала башташкан. Бүгүнкү күндө андай жок. Азыр бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбү, жетекчисиби, башкасыбы, башын көтөрүп көрсүн, башын жанчабыз”.

Ташиев буга чейин 6-октябрда Ала-Бука районундагы УКМКнын жаңы имаратын ачуу салтанатында райондогу кенди иштетүүгө уюшкан кылмыштуу топтор тоскоол болуп жатканын, алар менен аёосуз күрөш жүргүзүү зарылдыгын айткан.

2020-жылы 22-октябрда атайын кызмат "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчыбек Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында кармаган.

№47 колонияда кармалып турган Көлбаев эч жакка чыкпоо тууралуу тил каты менен 2-мартта абактан бошотулган. УКМК Көлбаев мамлекетке 50 млн. сом төгүп чыкканын маалымдаган.

Беш жылга эркинен ажыратылган “Дөө Чыңгыз” деген каймана аты бар дагы бир кылмыш дүйнөсүнүн таасирдүү өкүлү Чыңгыз Жумагулов эки жылдан кийин ушул жылдын 10-июлунда абактан чыккан. Жаза аткаруу кызматы ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнү үчүн эркиндикке чыкканын билдирген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG