Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:53

БШК: бир мандаттуу округдан талапкерлердин арызын кабыл алуу аяктады


Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты
Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты

Бүгүн, 13-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу аймактан талапкерлердин арызын кабыл алууну токтотту.

Кечки саат 18:00дөн кийин БШКнын имаратына катталуу үчүн барган талапкерлердин узун кезеги түзүлдү. Буга чейин арыз бергендердин саны 300дөн ашкан.

13-октябрь бир мандаттуу округдан депутаттыкка ат салышуу үчүн арыз тапшыруунун акыркы күнү. Ал эми катталуу үчүн документтер 18-октябрга чейин кабыл алынат. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес. Ушул күндөрү партиялар курултай өткөрүп, тизмелерин тактап жатат.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG