Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

ЕБ Кыргызстанда жарандык коом менен иштөөнүн жаңы жол картасын кабыл алды


Европа Биримдиги менен Кыргызстандын желеги.
Европа Биримдиги менен Кыргызстандын желеги.

Европа Биримдигинин (ЕБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2021-2027-жылдарга жарандык коом менен иштешүүнүн жаңы жол картасын кабыл алды. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады. Стратегиялык документ ЕБдин Бишкектеги өкүлү Кыргызстандагы жарандык коомдун уюмдары менен кандай негизде иштей турганын аныктайт.

Ак ниет башкаруу, санарип трансформация, инклюзивдүү сапаттуу билим берүү, гендердик теңчилик, жаштардын укуктарын жана мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, жашыл экономика жана климаттын туруктуу өзгөрүүсү - кызматташуунун негизги багыттары болуп эсептелет.

"Күчтүү жарандык коом - өлкөнүн демократиялык өнүгүшүнүн белгиси. Ошондуктан аларга жагымдуу шарт түзүп, алардын ишин колдоого алуу маанилүү. Алар адам укуктарын коргоп, жарандардын активдүү ой-жүгүртүүсүнө, экономиканын өсүшүнө, элдин маалыматтуулугун көтөрүүгө салым кошуп келет. Биз кабыл алган документ жергиликтүү уюмдар менен натыйжалуу иштегенге жардам берет", - деди Европа Биримдигинин өлкөдөгү өкүлү Эдуард Ауэр.

Кыргызстан менен ЕБ ортосундагы кызматташтык 1999-жылы башталган. Биримдик 2014-2020-жылдар аралыгында Кыргызстанга 174 миллион доллар жардам бөлгөн.

Президент Садыр Жапаровдун Белгиянын борбору Брюсселге күтүлүп жаткан сапары учурунда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңири өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга кол коюлары айтылган. Жапаровдун сапарынын так датасы азырынча белгисиз.

Эл аралык уюмдар, жарандык коом 7-июлда президент кол койгон “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тууралуу” талаштуу мыйзам долбоорлорун сындап келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG