Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Депутат Никитенко: Өкмөттүн гендердик курамында мыйзам бузуу бар


Өкмөт курамы.
Өкмөт курамы.

Өкмөттүн жаңы курамында гендердик тең салмактуулук камсыз кылынат. Бул тууралуу 13-октябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров билдирди.

“Жакынкы арада биз буга өзгөчө көңүл бурганга аракет кылабыз. Бул президент Садыр Нуркожоевичтин тапшырмасы. Бул багытты оңдогонго аракет кылабыз”.

Талкуу учурунда депутат Наталья Никитенко өкмөттүн сунушталып жаткан курамында гендердик өкүлчүлүк жөнүндөгү мыйзам бузулганын айткан.

11-октябрда президент Садыр Жапаров өкмөттүн жаңы курамы жана түзүлүшү тууралуу мыйзамга кол коюп, 12-октябрда Министрлер кабинетин кызматтан алган. Жаңы курам бүгүн парламентте талкууланып жатат. Сунушталган курамда бир гана аял бар экени сынга кабылууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG